www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адаханды жоопкерчиликтен бошотуп коюшканы, депутаттардын Адахандын кылган кыянатчылык ишине шерик болушканы менен барабар болуп эсептелет.

Эми, бул былжырбайлардын өздөрүн актап алганга бир жолу бар: ал да болсо, Адаханды жоопкерчиликтен бошотконго добуш бергендер топтолушуп, Баткенге барышып чек ара маселесин чечип келишсин.

Андан соң, мага десе Адаханды пайгамбар катары көрүшүп, анын этегине намаз окуй беришсин.

Адахан тилинен чаң чыгып сайрап, башкалардын сабатсыздыгын жаап турса, анан эмне кылсын байкуштар. Бул депутаттардын деле чамасы билинип калды. Али карап тургула, Адахан беш жыл ичинде ар бириң менен урушуп, ар бириңдин кемчилдигиңерди така пешене кылып бетиңерге айтып, аягында барып силерди элге эч нерсе түшүнбөгөн макулук көрсөтүп тынат. Баарыңарды сууга алып барып, суугарбай кайра алып келгенде билесиңер.

Бирок, ал убакта силердин колуңардан пок да келбей калат. Себеби, Адахан депуттык креслого бекем олтуруп калган болот. Ошол убакта кетиребиз десеңер да шылтоо, Адахандан айып таба албай ит болосуңар. Адаханга билимдүү адамдар керек эмес. Анын айтканына муюп угуп, кошко кошкон өгүздөй башын ийип айтканынан чыкпаган Орозайым, Эмил Бекиев окшогондор гана жанында жүрөт.

Адахан жакшы болсо, бир убактарда: Ташиев, Келдибеков, Төрөбаев болушуп биригишип, анысын элге айтып жарыя кылышып, анан эле бир паста таркап кетишкен. Ошол ынтымактын ыдырашына Адахан себепчил экенине эч күмөн жок.

Кыскасы: жетинчи чакырылыштын тормоз депутаттары! Баарыңар топтолуп тажиктерге баргыла. Көп түкүрсө көл болот, мүмкүн аракетиңерден бирдеме чыгып калса ажеп эмес?

Адаханды жоопкерчиликтен бошотуп, чек ара милдетин өз мойнуңарга илип алдыңар. Адаханды апасынан башка эч ким өппөгөн таптаза, пакиза ангелге чыгарып койдуңар.

Эми чек араны силерден талап кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости