www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖЭЦ! Эл суукка чыдай албайт!

“Электр станциялары” ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) электр кубаттуулугун 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартты. Буга 26-январь күнү кечинде ТЭЦтин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү бир жабдуусунун иштен чыкканы себеп болгон.

Учурда авариянын себептери аныкталып жатат.

Кечээ шаардын айрым жашоочулары батирлерге жылуулук берилбей, жылыткычтар муздак болуп жатканына арызданышкан. Ал тургай, социалдык баракчаларга да жазып чыгарышкан. ТЭЦтеги авариядан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөгөн. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары суунун температурасы 40 градустун тегерегинде экенин жазып чыгышты.

Кытай өкмөтүнүн каржылык жардамы менен ТЭЦ былтыр реконструкциядан өтүп, 30-августта жаңыланган корпусу ишке киргени. Муну менен жылуулук борбордун кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин жогорулаганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости