www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 26-январда Канаданын жараны, паспорту менен жан дүйнөсү кыргызстандык Максим Корсаков (Михаил Бубель) Кыргызстандын, Американын жана БУУнун Баш катчысына Кайрылуу жасап андан ары журналистерди кызыктырган суроолоруна жооп берди. Андан сырткары өзүнүн өмүр баяны жөнүндө айтып, учурда камакта жаткан Садыр Жапаровду КР президенти Сооронбай Жээнбековдон чыгарып берүүнү өтүндү:
-Жакында мага суук кабар келди. Белгилүү саясатчы – Садыр Жапаров камакта экени белгилүү болду. Мен буга кайдыгерлик менен караган жокмун. Себеби, өзүмдүн башыман да мындай күндөр өткөн: Торонтодо жайгашкан Don Jail түрмөсүндө болгом. Аталган абак коомдун каршылыгына жараша учурда жабык. Мен орто кылымдагы түрмөдө камалып, соттук процесс элементардык деп эсептелген адамдын укугун жана эркин бузган сот болду. Мени болсо жалган маалымат боюнча камакка алышкан. Бирок, мен бул «система» менен карама-каршылыгымды билдирип, акыр аягы жеңип чыктым. Улуу Британиянын ханышасынан мага сенин күнөөң жок экендиги далилденди, сен акталдың деген кат келип, мен эркиндикке чыктым. Ал эми Канаданын компьютердик катоо системасынан күнөөм бар экендигин алып да салышыптыр. Мен адилеттүүлүк жеңгенине абдан кубангам, бирок ден соолугуман жана адвокаттарга кеткен каражаттарыма өкүнөм.
Ал эми, Садыр Жапаровдун камалганы боюнча, мен көп сөз кылгым келбейт. Бирок, ага тагылган күнөө – анын саясий каршылаштарынын колунан келген иши. Мен бул саясатчынын ишмердүүлүгү менен мурдатан таанышмын. Анын айткандары, суроолору, козгогон көйгөйлөр анын патриоттуулук сапаты бар экендигинен кабар берет.
Мен Садыр Жапаровду абакта эмес, сиздин жаныңызда көргүм келет. Ал башкаларга караганда, көбүрөөк пайда алып келмек. Жаңы жылдын алдында бул саясатчыны социалдык тармактарда «Жылдын мыкты саясатчысы» деген наам алганын окуп калдым (сурамжылоо "Фейсбук" колдонуучулардын арасында болгон). Бул жыйынтык анын күнөөсүз экендигинен кабар берет.
Жогорудагы айтылгандарга байланыштуу, Кыргызстандын соту - Садыр Жапаровдун ишин кайра карап чыгып, анын күнөөсүз экендигин далилдейт жана аны эркиндикке чыгарат - деген терең ишеничтемин!
Улуу Урматтуу Президент, ар кайсы өлкөлөрдүн соттору кээде, тилекке каршы, каталарды кетиришет, бул чындык!
Мен ишенем, Президенттик шайлоодо сиздин жеңишиңиз менен Кыргызстанда элдин келечеги үчүн жаңы доор келмекчи деп ойлойм. Ал доор - жакшылыктын жана адилеттүүлүктүн доору.
Менин петицияма көңүл бурганыңызга ыраазымын. «Голливуд Ысык-Көлдө» долбооруна катышам деп кыялданам” , - деди жазуучу Максим Корсаков (Михаил Бубель).
Андан сырткары Кыргызстанга Садыр Жапаров камактан чыккандан кийин келе тургандыгын айтып, көзүнө жаш алды.
Булак: NazarNews.kg