www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн эртең менен саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук госпиталдын абалы менен таанышты. Ал ар бир палатаны жылыткыч менен камсыз кылуу мүмкүн эместигин айтып, бейтаптарды жылуу кийинүүгө чакырып, аларга кошумча жууркан берүүнү тапшырды.
Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу Бишкектеги ооруканалар, өзгөчө төрөт үйлөрү электр жылыткычтарын пайдаланууга аргасыз болушат.
26-январда ТЭЦтин эски агрегаттарга суу бөлгөнгө керектүү бир жабдуусу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам, үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөгөн. Шаардын жашоочулары ызаарда үйү жылыбай жатканына арызданышууда.
"Кыргызгидрометтин" маалыматына караганда, Бишкекте 27-январда абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус болот. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, суук күчөшү мүмкүн, жыл башында айтылгандай,быйылкы кыш абдан суук болууда. Алсак, үй-жайсыз адамдардын 25ин бул ызгаар суук аркы дүйнөгө алып кетти.
Булак: NazarNews.kg