www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакшы үмүттөрдү тартуулаган жаңы 2018-жыл кирип келди. Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин ажолугуна аз убакыт болсо да, Россия, Казакстан жана Єзбекстан менен көптөгөн перспективдүү экономикалык жана социалдык маселелердин чечилгендиги үмүт арттырып турат. Эгерде белгиленгендердин баарысы максатка ылайык жөнгө салынса, бүтүндөй экономиканы өнүктүрүү боюнча тармактык жана регионалдык программаларды өнүктүрүү үчүн олуттуу өбөлгөлөр пайда болот. Ал баарынан мурда карапайым эл үчүн жумушчу орундар жана айлык маяна. Дүйнө жүзүндө дал ушул социалдык баалуулуктар үчүн профсоюздар күрөшүшөт. Бирок, биздеги профсоюз кыймылында кандай кырдаал өкүм сүрүп жатат? — деген көйгөйлүү суроо пайда болуп туру.
Маалымат каражаттарындагы, ошондой эле бизге профсоюз мүчөлөрүнөн келип түшкөн маалыматтарга караганда, Кыргызстандын профсоюздар федерациясы (КПФ) жарандарыбыздын эмгек укуктарын коргоп жана КРнын Өкмөтүнүн татыктуу социалдык өнөктөшү болгондун ордуна ички тирешүүлөргө, жемкорлукка, паракорлукка баш-оту менен киришип, кыйроонун кыйырына келип жетти.
Эмне үчүн мындай болуп жатат? — деген суроого тармактык жана регионалдык профсоюздардын көптөгөн жетекчилери КПФнын төрагасы Асанакунов Мирбек Аскеровичтин Борбордук профсоюз органынын жетекчиси катары уюштуруучулук сапаттарга ээ эмес, жөндөмсүз дилетанттыгын, профсоюз ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүгү тайкы экендигин, профсоюз ишинин бүтүндөй маңызын түшүнбөгөн, анын болгон спектрине көзү жетпегендигин, эң башкысы — Системанын негизги кыймылдаткыч күчү эмне болуп санала тургандыгын билбегендигин айтышат.
Күч структуралары тарабынан текшерүүлөрдү уюштуруу менен ал козуткан профсоюз жетекчилерин репрессиялык куугунтуктоо акыбалды ого бетер жарга такады. Профсоюз курулушунун принциптерин түшүнбөстүктүн жыйынтыгы ички горизонталдык жана вертикалдык байланыштардын кыйроосуна алып келди, ал эми Асанакунов тарабынан кабыл алынган чечимдер өз ара бири-бирине коошпогондуктан жана ФПКнын Уставына карама-каршы келгендиктен, профкыймыл сенекке айланды, ал эми анын коё берген рычагы жок болду.
Адаттагыдай эле, Ким күнөөлүү? жана Эмне кылуу керек? — деген суроолор туулат. Бул суроолорго жооп алуу үчүн ар кыл булактардан биздин колубузга тийген көптөгөн документтерди иликтеп чыкканыбызда, кийинкидей мыйзам ченемдүү көрүнүш пайда болду:
Асанакунов М. А. кайсы жакта гана иштебесин, дайыма анын ишмердүүлүгү толук кыйроо менен аяктаган.
2010-жылдан 2013-жылга чейин ал эки жолу бир нече айлык тынымдар менен Ысык-Көл облусун жетектеген жана эки жолу тең чуулган менен кызматтан кеткен. Жана биринчи жолу дагы, экинчи жолу дагы Асанакунов М. А. жеке өзү облусту өнүктүрүү фондунан бир нече ондогон миллиондогон сомдордун чыгымдалышына жана мамлекеттик маанидеги жер тилкелерин сатып түгөтүүгө катышы бар экендиги белгилүү болгон. Эки жолу тең анын үстүнөн кылмыш иши козголгон, бирок, эки жолу тең СДПК партиясы, азыркы убакта ачык эле айтып жүрүшкөндөй, мурдагы президент A. Ш. Атамбаевдин көрсөтмөсү менен Асанакуновду кызматтан четтетип, ал эми кылмыш иштерин токтотуп, абактан сактап калышкан.
Чындыгында, бийлик канчага чейин бирөөлөрдү ойдон чыгарылган кылмыш иштери менен абакка салып, ал эми Асанакунов Мирбек сыяктуу коррупцияга мойнуна чейин малынгандарды жоопкерчиликтен качырып, ал тургай андан ары элдин мүлкүн бөлүп-жарып, уурулук кылуусун улантуусуна жол берип, жогорку кызматтарды алдына тартып турат?
Анткен күндө дагы, мамлекеттик аткаминерлер үчүн “Коррупция” беренеси боюнча эскирүү мөөнөтү жок. Андыктан, СДПКдан чыккан коррупционердин кылган кылмыш иштери үчүн сурай турган учур келди көрүнөт. Ал колу менен кылгандары үчүн Мыйзам алдында толугу менен жооп берип, мойну менен тартышы керек. Кылмыш иштери кайрадан козголуп, андан кийин сотко өткөрүлүшү керек.
Себеби КРнын Жазык-процесс кодекси али өз күчүндө (КРнын Жазык-Процесс Кодексинин 150-беренеси кылмыш ишин козгоого каралган негиздерге расшифровка кылат). КРнын Кылмыш-Жазык Кодексинин талаптарына ылайык, кылмыш ишин козгоого негиз болуп жасалган кылмыштарды көрсөткөн шилтемелер же көрсөтмөлөр эсептелет. Көрсөтүлгөн негиздерди далилдөө же төгүндөө үчүн аларды тиешелүү тартипте текшерүү зарыл, ал эми бул үчүн мыйзам кандай шарттарда кылмыш ишин козгоо милдеттүү экендигине түшүндүрмө берет:
1–151-берене — жарандардын арыз менен кайрылуулары;
2–152-берене — кылмыш ишин мойнуна алып арыз берүүсү;
3–153-берене — уюмдун кызматтык адамын кабарлоо;
4–154-берене — жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарлоо;
5–155-берене — Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү тарабынан кылмыш белгилеринин түздөн-түз табылышы.
КРнын КПФнын төрагасынын кылмыш иштери жөнүндө көптөгөн ЖМКда жазылды. Бирок, али күнгө чейин КРнын мыйзамдарынын талаптарын колдонууда тандалмалуулук улантылып келе жатат, ал эми бул Алмазбек Атамбаевдин акыркы башкаруу жылдарында өзгөчө өнүгүп баштаган.
Ысык-Көлдөгү кызматтан кетүүлөрүнүн ортосунда М. А. Асанакуновду «Бишкек» ЭЭАна ал жактагы ишти жаңы технологияларды жана инвестицияларды тартуу жолу менен көтөрүүсү үчүн орноштурушту. Ошентсе дагы, ал өзүнө жүктөлгөн ишенимди актай алган жок, ал бир нече айдын ичинде Эркин экономикалык аймакты экономикасыз жана инвестициясыз зонага айландырып, мамлекетке санап бүтүүгө дагы мүмкүн болбогон олчойгон зыян келтирип, кыйроого учуратты.
Асанакунов бул жактан дагы суудан кургак чыкты. «Бишкек» ЭЭАнын жана Ысык-Көл обладминистрациясынын кызматкерлери учурдагы жана перспективдүү маселелерди чечүүдө Асанакуновдун сабатсыздыгын жана компетентсиздигин, жеке байлыгын көбөйтүүгө жутунчаактыгын, алкымы чоңдугун белгилешет. Мына ошондуктан ал жетекчи катары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алган жок, мамлекеттик жана чарбалык органдардын жөнгө салынган ишин чакчелекейге салды. Ал эми, Раиса Атамбаеванын колдоосу жөнүндө канча ирет жазып чыгышты, андыктан, биз бул жөнүндө эскербей эле коюуну чечтик.
КРнын ЖКнин социалдык маселелер боюнча төрайымы, СДПК партиясынын мүчөсү, жубайы Г. С. Молдобекованын көмөгү менен Мирбекти КПФнын төрагасы кылып 2017-жылдын 16-январында, Дача-Су шаарчасында жүк ташуучу самолёт кулап, адамдар каза тапкан күнү дайындашкан.
Өлкөдө ырасмий түрдө аза күтүү күнү жарыяланып жатса, Асанакунов М. А. менен анын аялы Молдобекова Г. С. «Баласагын» ресторанында жакындары менен бул окуяны шаңдуу белгилеп, майрамдашкан. Эл аза күтүп жатса, эрди-катын сайран курган. СДПКнын депутаты менен КПФнын төрагасына ата-энесиз калган жетимдердин көз жашы, аккан каны бир тыйынчалык сезилген эмес.
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин директорлорунун айтымында, М. А. Асанакунов мырза өзүнүн олчойгон чыгымдарына курорттун деңгээлине жараша фиксацияланган каржы түрүндө ай сайын сыйпул алып турат. Санаторийдин сыйымдуулугу канчалык көп болсо жана эс алуучулардын агымына жараша ал ошончолук алардан көп каражатты талап кылып, капчыгына салат. Кантип, канча жана кайсыны экендигин Асанакунов өзү аялы Г. С. Молдобекова менен биргеликте чечет. Ал ансыз бышкыра дагы албайт, а профсоюздар толугу менен анын алдында, анткени, КПФ үчүн КРнын Соцфондунан ден соолукту чыңдоо бюджетине КРнын ЖКде дал ушул Молдобекова түртмөлөгөн. Мына ушул акысы үчүн пара кетип жатат.
Үй-бүлөлүк бизнес так, даана эсептелген, башка эч нерсе айта албайсың. Ал акчаны алып чыгат, ал эми экинчиси (Молдобекова Г. С.) өзүнүн кызмат абалынан кыянат пайдаланып, эринин артын жабат. Эрди-катындын саламаттыкты сактоо профсоюздарын жеке менчигине алууга болгон аракети күч, бул боюнча мелжеген мерчемдери бар. Ушул максатта алар «Ысык-Ата», «Джеты-Огуз», «Жыргалан» курортторун атайын кудуретсиздикке жеткирип жатышат.
Мисалы, Асанакунов М. А. «Чолпон-Ата» эс алуу жайы бөлүк-бөлүк болуп сатылышы үчүн бардык күч аракетин жумшаган, ал гана эмес атайын бирөөнү сатып алганга коюшкан, а иш жүзүндө аны Асанакунов Молдобекова экөө штрейкбрехер (кожоюнуна каршы иш чараларга катышып, ошол эле мезгилде кожоюн менен сүйлөшүп, ким кандай дем алганынын бери чоңдорго жеткизип турган) Д. Ч. Осмоналиев менен аракта өчү бар болгонсуган алып-жутар жана эки жүздү К. А. Омуралиев аркылуу сатып алып жатышат. Асанакунов М. А. КПФна профсоюздук ишти көтөрүү үчүн эмес, жеп-ичиш үчүн гана келген.
«Анын ээнбаштыгын ооздуктаган эч ким жок, алар кол тийгис, анткени, алар СДПК партиясынын мүчөлөрү болуп саналышат. Бүгүнкү күнү мамлекетте бийликти алар башкарып турат, алар жогорку кастадан чыккандар», — деп айтышты КПФдан.
Болбосо М. А. Асанакуновдун документтерди жасалмалоо боюнча мыйзамга каршы келген аракеттерин кандай деп баалоого болот. Эгерде азыр КПФнын төрагасынын ордунда башка партиядан же болбосо партияда жок башка адам болгондо, аны эбак кызматынан кубалап, абакка салып коюшмак. Өзүңөр ойлоп көргүлө, 1986-жылдын 19-ноябрында берилген НТ‑1 0669858 номурлуу өз эмгек китепчесинде ал өзүнө 8 жыл 1 ай эмгек стажысын кошуп алган. Мындай алдамчылыкка ишенүү кыйын, бирок, ал жакта 01.10.1999-жылдан 02.11.2007-жылга чейин «Аман — Имарат Курулуш» курулуш фирмасынын директорунун орун басары болуп иштегендиги жазылып, мөөрү басылып турат. Бирок, ал Адилет министрлигинин Бишкек-Чүй башкармалыгынын расмий жообуна ылайык, алгачкы каттоодон 2009-жылдын 5-февралында өткөн. Тактап айтканда, ал жакта иштеди имиш жана ошол эле жакта кызматтан бошогон имиш деген 2 жылдан кийин. Бул жазуу, мөөр жана кол тамгалар М. А. Асанакунов тарабынан меркантилдик максатта өзүнүн мансаптык өсүшү үчүн, ири компанияда жетектөөчүлүк жумушту аткарууда тажрыйбасы бар экендигин көрсөтүү үчүн жасалмаланган. Иш жүзүндө бул жылдары майда-барат бизнес менен алектенген, эс алуучулар үчүн жеңил жүрүм-турумдагы кыздар менен камсыздап Бишкектин сауналарында мончочу болуп иштеген. Дал ушул фиктивдүү жазуу анын кызматтык тепкичтен баш айланткандай ылдамдык менен өсүшүнө түрткү болуп, облустун жетекчиси, «Бишкек» ЭЭАнын жана профсоюздар Федерациясынын башчысы кызматтарын ээлөөсүнө мүмкүнчүлүк берген. Азыркы учурда редакцияга эмгек китепчесин чебер адистик менен жасалмалаган адамдын аты-жөнү, жашаган дареги, ал тургай телефон номурунан бери белгилүү.
Жогорку класстагы шылуун болуп чыккан М. А. Асанакунов мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен коркпостон эмгек китепчесин жасалмалап, дагы башка жазууну киргизди. Ал 2013-жылдын 1-июнунан 2017-жылдын 15-январына чейин «Бишкек Кап Строй» ЖЧКнын кеңешчиси болгондугун жазып алды, бирок, бул курулуш компаниясынын директору М. А. Асанакунов мырзанын эч качан ал жакта иштебегендигин жана катталбагандыгын расмий түрдө билдирди. Эмгек китепчеси менен жүргүзүлгөн махинациялык иштер КРнын Соцфондунун тактамасы менен ырасталат, анда М. А. Асанакуновдун эсебине камсыздандыруучу төлөмдөр кайсы жылдары жана кайсы жактан түшкөндүгү боюнча так көрсөтүлүп турат. Ал эми ал берен маңдай терин төгүп «Аман Имарат Курулуш», «Эльдияр строй», «Бишкек Кап Строй» жана Ысык-Көл ПТУсунда эмгектенген жылдары иш жүзүндө бир дагы тыйын түшкөн эмес.
Баарынан шумдугу, КПФ Кеңешинин мүчөлөрү карап чыккан жеке анкетасында профсоюзга келер учурунан мурда төраганын базалык документи катары ал беш жылдан ашуун профсоюз комитетинин төрагасы болуп «Аман Имарат Курулуш» курулуш компаниясында иштегендигин жазган.
Бирок, КПФ Кеңешинин мүчөлөрү бул маалыматтардын аныктыгын текшерип башташканда бети ачылып калышынан коркуп кетип, ал документтерин ыкча жасалмалап, Ысык-Көл районунун атайын кесипчилик окуу жайынынын профсоюз комитетин дал ошондой эле беш жыл мурда жетектегендигин жазган. Сиз кандай ойлойсуз, М. А. Асанакунов жанталашкандай бул жазуунун ага анчалык эмнеге кажет эле. Жообу эң эле жөнөкөй. КПФнын Уставына ылайык, КПФнын төрагасы болуп профсоюз органдарында кеминде беш жыл шайланып иштеген, профсоюздун мүчөсү болгон адам болушу керек эле. Бул тууралуу ал жакшы билгендиктен, будамалаган, ал эми жалпы жыйындын ПТУнун профкомунун төрагасы болуп шайланды деген фиктивдүү Токтомун анын досу жана жолун улантуучусу Ш. К. Экеев жасалмалаган.
Бирок, качан гана мунун баарысы калкып чыга баштаганда, тиги үчүнчү жолу документтерди жасалмалап, 2-февраль, 2004-жылдан 30-апрель, 2009-жылга чейин «Эльдияр строй» ЖЧКнын профсоюз комитетинин төрагасы болгондугун жазып чыккан. Бирок, эмгек китепчесиндеги ушул көрсөтүлгөн жылдары «Аман Имарат Курулуш» курулуш фирмасында иштегендиги тууралуу жазууну кандай түшүнсө болот?
Андай болсо, Асанакунов бир эле убакта эки жерде иштеп жана эки жерде тең бир эле учурда профсоююз комитетинин төрагасы болгонбу? Ал мунусу менен акыры жарга такалды. Бул манипуляция жана алдамчылыктын арты менен М. А. Асанакунов ал эч качан жана эч кайда профкомдун төрагасы болуп шайланбаса дагы Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы болууга мүмкүнчүлүк алды. Анын Устав боюнча КПФнын төрагасы болуп шайланууга юридикалык укугу жок болчу, андыктан, бул жасалма кадамды кылууга барды, ал кызматты мыйзамсыз түрдө ээлеп турат жана ал бул кызматтан кетиши керек.
Ошондой эле, М. А. Асанакуновдун Улуттук Университет тарабынан алынган жогорку билим жөнүңдөгү дипломунун, берилген жылдарынын, сериясынын жана номурунун, катталышынын дал келбөөчүлүгүн эске алса, дипломдун нукуралыгы олуттуу шектенүүнү жаратат. Бир тизмеде ал Асанакунов деп жүрсө, ушул номердин алдында ал Асанкулов, үчүнчү тизмеде Асангазиев деп жүрөт. Ал гана эмес мамлекеттик сынактардын токтомдорунда бир эле предметтен эмнегедир баалары менен фамилиялары ар кыл болуп жүрөт. Жана жакында эле ачыкталгандай, Асанакунов Асанакунов деген фамилияга эч кандай катыштыгы жок чоочун диплом менен ведомостту көрсөткөн имиш.
Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү жарыялады. Жана 2018-жыл КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн досуна, Раиса Атамбаеванын жакын курбусунун күйөөсүнө, СДПК фракциясынын депутаты Г. С. Молдобекованын эрке-талтаңы Асанакунов Мирбекке каршы укук коргоо органдары тарабынан кылмыш ишинин козголушу менен башталды, ал эми бул өлкөдө ырасы менен түп-тамыры менен өзгөрүїлөр боло тургандыгынан кабар берип турат. Жана СДПК мүчөсү Асанакунов Мирбек сыяктуу коррупционерлер акыры соңу сот жообуна тартылышат.
Ырысбек ӨМҮРЗАКОВ
Булак: "Жаңы Ордо"