www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык - Көлдү алыш үчүн дүүлүгүп жүргөн Жириновский деген шовинист бар. Кыргызстанда президентке талапкердин ишенимдүү өкүлү келиптир дейт. Бизди материалдык жактан колдосоңор президент болуп калсак, каалаган обьектиңерди беребиз деп. Кыргызстанды үстүнөн соодалап бүтүштү. Орусиянын ЛДПР партиясынын депутаты Владимир Жириновский акыркы маектеринин биринде Кыргызстандагы абал тууралуу жана бийлик өкүлдөрү тууралуу пикирин айтты. Анын айтымында, биз чоң согушка баратабыз. Бирок бул Орусия менен Американын же болбосо Кытай менен АКШнын ортосундагы согуш эмес. Ал кичинекей локалдык Украина, Балтика, Молдавия, Тоолуу Карабак, Грузияда жарандык согуш, төңкөрүлүш, революция согуш болот. Молдавияда дагы шайлоодо революция болот, ал эми Түштүк Кавказ болсо качан эле тынчып калган. Ошондуктан биринчи эле кезекте Орто Азияда жайгашкан Кыргыз Республикасында согуш болушу ыктымал. Ылайым Жириновский оозунан жаңылсын.
Анын сөзүн ырастагандай өзүнө «Көтани» наамын кошуп алган генерал, бул генерал кайсы жерде башаламандык болсо, ошол жерде жүргөндөн тажабас болду. Бүгүн бирөөнү колдойт, эртең башканы деги туруксуз саясатчы болду. Өткөн 2020-жылдын 4-октябрында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын таманын жалап жүрүп парламенттик шайлоодон өтүп депутат болгон. Бирок, парламенттик шайлоодон кийин болгон башаламандыктан улам, ошол ызы-чуу жараткандарга кошулуп өзүн-өзү УКМК жетекчиси шайлап алган. Камчыбек Ташиев УКМКга мыйзамдуу жетекчи болгон соң, жакшы орун таба албай, көрүнгөндүн куйругуна кыпчылып жүрөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg