www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинге жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкого Москва-Орсккаттамындагы жүргүнчү ташуучу AN-148 учагынын кырсыкка учураганына байланыштуу көңүл айтты.

Анда мындай деп айтылат:

“Москва облусунда көп адамдардын өлүмү менен коштолгон учак кырсыгы тууралуу үрөй учурган кабардытерең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”.

Бул тууралуу маалыматты ЖогоркуКеңештин Басма сөзкызматы билдирди. 

Эске сала кетсек,  Москванын сыртында кыйраган Ан-148 учагында 71 киши курман болгон. Москва - Орск каттамындагы учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. "Тилекке каршы, борттогулардын бардыгы курман болуп, сөөктөр таанылгыс болуп калгандыктан, генетикалык экспертиза зарыл экендигин айтышкан жергиликт эксперттер.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости