www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Күзөт кызматы жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында ташылып жаткан жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды активдүү жүргүзүүдө.

Күзөт кызматы мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объектилерин, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү келишимдик негизде куралдуу коргоого алууга укуктуу.

Жүктөрдү ташуу маалында алардын коопсуздугун сактоо – кызматтын негизги багыттарынын бири. Өзгөчө Ош–Эркеш-Там жолунда жүк уурдоонун жана башка мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тынымсыз иш жүргүзүп, жолдордо коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөшүүдө. Кызматкерлер жүк ташууларга мүмкүн болгон коркунучтарды болтурбоого багытталган комплекстүү чараларды колдонууда.

Ошондой эле, келишимдин талаптарына ылайык, жолдо бузулуп калган унаалардын жүктөрү да кызмат тарабынан коргоого алынат. Бул жүк ташуучуларга кошумча ишеним жаратып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыз кылат.

Ички иштер министрлиги жарандардын жана уюмдардын мүлкүн коргоо боюнча иштерди мындан ары да улантып, өз ишинде жогорку кесипкөйлүктү сактоого умтуларын билдирет.

 

Последние новости