www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери 53 региондо 200 миңден ашык киши армияга тартылды. Бул тууралуу "Важные истории" басылмасы жана Conflict Intelligence Team (CIT) долбоору билдирди.

Алардын санактарына ылайык, 213 миңдей киши мобилизацияланды. Бул сандар коргоо министри Сергей Шойгунун айткандарына дал келет. Ошол эле маалда иликтөөчүлөр 30 регион боюнча маалыматы жоктугун, армияга чакырылгандар мындан көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.

"Важные истории" жазгандай, ар бир экинчи аймак планды ашыгы менен аткарды. Эң жогорку көрсөткүч Красноярск крайына туура келет. Мобилизациялангандар аннексияланган Севастополдо, Бурятия, Дагестан, Калмыкия, Калининград облусунда да көп.

Иликтөөчүлөр мындай тегиз эмес көрсөткүчтөрдү түрдүү себептер менен түшүндүрүшөт. CIT аналитиктери эң жакыр чөлкөмдөрдөн көбүрөк киши тартылып жатат деген жыйынтыкка келишти. Планды ашыра аткарган 26 региондун 23үндө элдин кирешеси орточо деңгээлден төмөн.

Андан тышкары ошол аймактардан согушка киргендер арасында каза болгондордун саны да көп. Мисалы, Дагестан жана Бурятия бул жагынан сап башында турат.

Мобилизация башталганда Шойгу 300 миң киши тартыларын айткан. Бирок айрым маалымат каражаттары бийлик бир миллион же андан көп аскерди армияга чакырууну көздөгөнүн жазышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости