www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Төрага Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексине зыярат кылып, андагы жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.
«Манас» дастаны маданиятыбыздын жана руханий баалуулуктарыбыздын башаты экенин белгилеген Төрага Марлен Маматалиев: «Андыктан, бул тарыхый жайдын мааниси өтө чоң. Өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү аяктаса, келген зыяратчылардын, туристтердин санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрү анык. Бул өз кезегинде облустун туристтик потенциалын жогорулатууга жардамчы болуп, аймактын экономикалык өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет», – деди.
Ошону менен катар реконструкциялоо иштерин Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү пландалганын эске салган Төрага мерчемделген жумуштарды өз убагында, сапаттуу кылып жасоого чакырды.
Кошумчалай кетсек, аталган жай 1995-жылы «Манас» эпосунун миң жылдык маарекесинен кийин «Манас Ордо» комплекси болуп негизделип, 2001-жылы ага «улуттук» деген макам ыйгарылган. Жалпы аянты 225 гектарды түзүп, анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ат майданы жана башка маданий жайлар орун алган. Учурда да кошумча имараттар курулуп, жаңылоо иштери жүрүүдө.