www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов президентке кайрылыш үчүн алфавитке "w" тамагасын киргизүү демилгесин көтөрүп, мунун себебин президентке кайрылыш үчүн, аба дегенде айтылышы, жазылышы туура эмес болуп жатканы менен түшүндүргөн. 

Бул жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, шакабага айлантып келеке кылгандар көп болду. 

Андан тышкары алфавитке байланыштуу дагы бир сунуш киргизди. Бул жолкусу мурункусунан дагы ашып түштү. Тилчи, лингвист болбогон соң, тиши өтпөгөн, түшүнбөгөн тармакка мурдун тыгып эмне кылат десең. Деңгээли такыр караманча нөл тура. Накта диплому жок артист тура. 

Мына Айбек Осмонов: "Онун Өсү бар, Унун Үсү бар, Снын Зсы бар, Кнын Гсы бар "А" тамгасынын түгөйү жок. Ушул тамгасынкын дагы киргизгиле деп тилчилерге сунуш берем", - деп боорду эзди. 

Айланайын тилчилер, "срочно" "А"нын түгөйүн таап бергиле Осмоновго... Буга дейре таппай эмне кылып жүрдүңөр эле? Сөссүз эле Осмонов айтыш керекпи?

Эртеңден  баштап алфавитти кайра карап, 36 тамганын кайсынысынын түгөйү жок болсо тез арада издеп таап, жетимсиретип, жылгызсыратпай  "үйлөнтүп" тоюн бергиле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости