www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары чет өлкөдөн келе албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүү үчүн өкмөткө бир жума убакыт берди.
Ага ылайык, өкмөткө төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:
COVID-19 пандемиясына байланыштуу мекенге кайта албай жаткан жарандарга транспорттук коридор уюштуруп, чартердик каттам жана башка жолдор аркылуу алып келүү;
Республикалык бюджеттен каражат бөлүп, Кыргызстанга келгенге чейин муктаждыгына жараша жардам берүү;
Ыкчам чараларды көрүп, жарандарды бир жуманын ичинде алып келүү.
Ал эми, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бир жума реалдуу мөөнөт эмес экенин белгилеп, бул аралыкта сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтык чыгарууга аракет жасаларын айтты.
Булак: NazarNews.kg