www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талкуу маалында депутаттар калкты азык-түлүк менен жетиштүү камсыздоо, аймактардагы жазгы айдап-себүү иштерин үзгүлтүксүз улантуу, оор кырдаалда иштеп жаткан саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине керектүү эмгек шарттарын түзүү менен коопсуздугун коргоо жаатындагы маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле жыйында эл өкүлдөрү өлкөдөгү айрым ишкердик субъектилеринин ишин этап-этабы менен калыбына келтирүү сунушун беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Андан тышкары, чет өлкөдөгү мекендештерди өлкөгө кайтаруу маселесине өзгөчө басым жасалды.
Талкуу соңунда депутаттар парламенттин токтому кабыл алынды. Анда жогорудагы маселелер боюнча бардык тиешелүү сунуштар камтылып, Өкмөт тапшырмалар берилди.
Эскерте кетсек, аталган токтом долбоору 14-апрелдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунун жыйынтыгында сунушталган.
Булак: NazarNews.kg