www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 23-октябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына 25 саясий партиядан ЖКнын депутаттарын кайталап шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түштү.

Календардык планга ылайык, 2020-жылдын 20-декабрына белгиленген Жогорку Кеңешке кайталап шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар БШКга 25-октябрга чейин билдирүү жөнөтүшү керек.

Эске салсак, 8-июлда БШКга 42 саясий партиядан 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Төмөнкү партиялар билдирүү тапшырган жок жана 2020-жылдын 20-декабрында боло турган ЖКнын кайталап шайланышына катышпайт:

1. “КРнын Агрардык партиясы”

2. “Адам-Демократ”

3. “Ак Калпак”

4. “Ар-Намыс”

5. “Бийлик элге”

6. “Бирик”

7. “Биримдик”

8. “Демократ”

9. “Жаратман Эл”

10. “Замандаш”

11. “КУТ”

12. “Кыргызстан”

13. “Кыргызстандын патриоту”

14. “Мекеним Кыргызстан”

15. “Мекенчил”

16. “Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы”

17. “Элдик көзөмөл”

18. “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы”

20. “Эмгек партиясы”

21. “Бир Бол”

22. “Кыргызстандын Жумушчу партиясы”

23. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” (Сагынбек Абдрахманов)

24. “Тартип – порядок”

25. “Улуу Кыргызстан”

26. “Таза Коом”

27. “Чоң Казат”.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости