www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева белгилегендей, Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети кирешелер боюнча 53 843,0 млн. сом суммасында, чыгымдар боюнча 53 506,3 млн. сом суммасында аткарылган. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсү 2019-жылда 32 399,4 млн. сомду түзүп, 1918-жылдын бюджеттинен 1 757,3 млн. сомго же 105,5 % га көп болгон. Бирок 744,9 млн.сомго  бюджеттин аткарылышы аз болгон. Акциялар боюнча дивиденддерден, акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардан, туумдардан жана айып пулдардан жана башка булактардан түшүүчү башкача кирешелер 404,6 млн. сомду түзгөн.

Талкуу маалында депутат Айнура Осмонова ЕАЭБ алкагында пенсиялык төлөмдөр боюнча түзүлгөн келишимдин натыйжалуулугун сурады.

Өз кезегинде Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева аталган келишим 2021-жылдын 1-январынан тарта колдонула баштаганын маалымдап, жаран Россияда мыйзамдуу иштеп, камсыздандыруу төгүмдөрдү чегерген учурда пенсиялык төлөм түрүндө гана экспорттолорун кошумчалады.

Ал эми депутат Тариел Жоробеков: "Май айынан кийин пенсиялык төлөмдөр үзгүлтүккө учурабайбы жана пенсияга чыгуу курагы өзгөрбөйбү? Анткени, киреше жагын карабай эле, чыгаша жагына өзгөртүү киргизүү максатка ылайыксыз" - деди.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары пенсиялык төлөмдөр үзгүлтүккө учурабай тургандыгын жана жаш курактары боюнча өзгөртүүлөр киргизилбестигин, бирок айрым жеңилдиктерди кайрадан кароо зарылчылыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Эрмамат Тагаев электр энергиясынын наркы кымбаттаганына байланыштуу, пенсияларга 200 сомдон кошумча төлөм киргизилгенин белгилеп: "Азыр аталган жарлык иштеп жатабы?" - деп сурады.

Гүлнура Жуматаева 4000 сомго чейин пенсия алгандарга аталган кошумча төлөм азыр да берилерин маалымдады.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости