www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дамир Мусакеев үй камагына чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев үй камагына чыкты.

Тиешелүү чечимди Мусакеевдин ишин караган Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр 31-декабрда чыгарганын Атамбаевди жактаган КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди.

Жогорку сот 9-декабрда Дамир Мусакеев боюнча мурдагы эки инстанциянын өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти башка соттук курам менен кайра караш үчүн Свердлов райондук сотуна кайтарган.

Мусакеев 2019-жылдын 24-майында УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратылып, сот залынан Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Дамир Мусакеевге "2016-2017-жылдары аталган башкармалыкты жетектеп турган кезде мыйзамды одоно бузган. Анын кесепетинен алдыңкы кезекте турган кызматкерлерге үй тийбей калган. 15 кызматтык батир туура эмес бөлүштүрүлүп, үч кызматкер эки жолу үйлүү болгон, ал эми муктаж 18 киши турак жайсыз калган" деген негизде айып таккан.

37 жаштагы Мусакеев өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келе жатат.

Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда бир нече жыл анын жеке жансакчысы болгон УКМКнын 9-башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости