www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан ары парламенттин жыйындарына адистер жана басма сөз кызматкерлери киргизилбейт. Жыйындар депуттардын көпчүлүгүнүн коронавируска карата тапшырган анализи таза чыкса гана өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 20-июнда Ак үйдү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.
"Бир депутаттан каронавирус аныкталды. Башка эл өкүлдөрүн да ПЦР-тесттен өткөрүү боюнча иштер башталды. Келерки аптада эгер көпчүлүк депутаттын анализи жакшы чыкса, Жогорку Кеңештин жыйындары өтөт. Бирок сырттан адистер, пресса киргизилбейт. Басма сөз кызматтын эки кызматкери шаршемби жана бейшемби күндөрдөгү жыйындарды "Пирамида" телеканалынан жана kenesh.kg сайтынан түз эфирге чыгарат. Комитет, фракциялардын жыйындарын тилекке каршы, чагылдыра албайбыз. Ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз", - деп жазган ал. Бирок Нуракун уулу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү качанга чейин жыйынга киргизилбей турганын ачыктаган эмес.
Эске сала кетсек, буга чейин Ибраим Нуракун уулунан коронавирус инфекциясы аныкталган. Ал учурда Токмоктогу ооруканада дарыланып жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg