www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда ар кайсы мамлекеттерден өлкөбүзгө келе албай муктаж болуп жаткан мекендештерибизден кайрылуу, сурануулар болууда. Алардын бири Россиянын Новосибирск, Барнаул жана Бийск шаарларында окуп жаткан кыргыз студенттери өз көйгөйлөрүн айтып, бийликтегилерге кайрылуу жасашты. Бул тууралуу Бийск шаарынын АГГПУ университетинин студенти Айжан Кожобекова  NazarNews маалымат агенттигине төмөнкүчө билдирди:

"Карантин башталган убакыттан бери 4 ай өттү. Пандемиянын кесепетинен онлайн түрүндө окуп жатабыз. Көпчүлүк жумушсуз калды, алардын арасында биздин ата-энелерибиз да бар. Ошондуктан аларга бизди камсыздоо кыйын болуп жатат. 

Бардык эле студенттер стипендия алышпайт. Бул нерсе азык-түлүк жана керектүү буюмдарды алууга кыйынчылык жаратат. 

Ошондой эле, COVID-19дун экинчи толкунуна байланыштуу карантиндик убакыт узарып, биздин окуубуз 2020-жылдын аягына чейин онлайн түрүндө калат. Биз акы төлөнүүчү жатаканада турабыз. Эгерде бул жакта калсак жатаканага акы төлөй албайбыз.

Карантин башталгандан бери кыргыз консулдугуна жана элчилигине бир нече жолу кайрылдык. Учурда да кайрылып жатабыз, бирок биздин кайрылуулар жоопсуз калууда. Азыр биздин үнүбүздү баары угуусун каалайбыз. Угуп жана жардам берерине үмүттөнөбүз. Биз сиздердин колдооңуздарга жана бизди түшүнүүңүздөргө үмүттөнөбүз”, - деди Айжан Кожобекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости