www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун судьялары Каныбек Бокоев менен Анархан Базаралиева өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазды. Анын негизинде президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов ээлеген ордунан бошотуу сунушун парламентке киргизди.
Депутат Дастан Бекешев алар эмне себептен кетип жатканына кызыгып, «ооруп калдыбы же басым болдубу?» деп сурады.
Калматов башка себебин билбей турганын айтып, башкысы өздөрү арыз жазганын билдирди.
Ал эми Сайдулла Нышанов жашы эмгек курагына жете электе кызматтан кеткен судьялар 1,5-2 миллион сом компенсация аларын айтып, буларга дагы берилер-берилбесин сурады.
Президенттин өкүлү «ошол сумманын тегерегинде болот» деп ырастады.
Натыйжада депутаттар судьяларды кызматтан бошотуу жөнүндөгү токтомду колдоп берди.
Каныбек Бокоев 62 жашта, буга чейин Жогорку сотто 2012-жылдан бери иштеп келген, 2018-2019-жылдары төрайымдын орун басары болгон.
Ал эми Анархан Базаралиева 58 жашта, 2013-жылдан бери Жогорку соттун судьясы, 2015-2018-жылдары төрайымдын орун басары катары иштеген.
Булак: NazarNews.kg