www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Соттун төрайымы Кеминдеги судьялар менен жолугушту

Жогорку Сотунун төрайымы Нургүл Бакированын Чүй облусуна болгон иш сапары башталды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрайым Кемин райондук сотунда болду.

"Бакирова Кемин райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушту. Ал жергиликтүү соттордун иш-шарттары, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери менен таанышты. Райондук соттогу жыйында Нургүл Бакирова сот тутумунда иштеген кызматкерлердин билим деңгээли, маданияты, жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Жолугушууда сот реформасы, сот тутумунда иштеген кызматкерлердин кесиптик даярдыгы, кадр маселеси, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери талкууланды.

"Эл сиздерден калыс жана адилет чечимдерди күтөт. Таза жана мыйзам чегинде гана иштешиңиздер керек. Андан тышкары кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүшү керек" деди төрайым.

Төрайым өзгөчө аталган соттун санариптештирүү иштерине кызыкты. Сот залдарындагы аудио жана видео системаларынын иштешин текшерип чыкты. Ошондой эле соттун иш бөлмөлөрүн, архив, сот отурумдар залдарын кыдырды.

Жогорку Соттун төрайымы аталган соттун аппарат кызматкерлеринин, ошондой эле сот аткаруучулар жана сот приставдарынын суроолоруна жооп берди", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости