www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун төрайымы судьялар канча маяна аларын айтты

Эл өкүлү судьялардын маянасын көтөрүүнү президенттен, министрлер кабинетинен мүмкүнчүлүккө жараша талап кылууга чакырды.

Жогорку соттун судьялары 35 миң, жергиликтүү соттор 30 миң сомдон айлык алат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова парламентте депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эл өкүлү Сайдулла Нышанов мындай маяна аз экенин айтып, кеминде 100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.

"Эми ачык айтышыбыз керек, 30-40 миң алган соттор таза иштебейт. Жогорку соттун судьясы 100 миң сомдон кем албашы керек, ошондо талап аткарылат. Баары уялып чындыкты издейт. Эгер соттор адилет чечим чыгарбаса мамлекет оңолбойт", — деди депутат.

Ошондой эле ал судьялардын маянасын көтөрүүнү президенттен, министрлер кабинетинен мүмкүнчүлүккө жараша талап кылууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости