www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Жогорку соту бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды мыйзамды сактоого чакырат. Бул тууралу уЖогорку соттун басма сөз кызматы белгиледи.
Учурда биздин коом жана ар бир жаран башынан оор сыноолорду өткөрүп жатат.
"Биз баарыбыз эски каталарды кайталабаш үчүн өткөндүн сабактарын эске алышыбыз керек. Ал нерсе биздин күнүмдүк жашообузда Мыйзамдын үстөмдүгүнүн милдеттүү жана айныгыс шарты болушу керек. Антпесе мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн кепилдиги болбойт", - деп айтылат маалыматта.
Ар бир жарандын иш-аракети Мыйзамга негизделген болушу зарыл. Ар бир жагдайда жана ар бир учурда жоопкерчилик сезими болуш керек.
Жогорку сот бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды Мыйзамды сактоого чакырат.
"Бийлик бутагынын бири катары сот бийлиги - көз карандысыз. Эч кандай кийлигишүүлөргө жол берилбеши керек. Соттордун төрагаларын сот корпусу шайлайт. Ал маселелерди чечүү соттордун айрыкча укугу (прерогатива). Адамдардын укугун жана эркиндиктерин коргоону күчтүү, көз карандысыз сот системасы жок элестетүү мүмкүн эмес. Соттордун ишине сырттан кийлигишүү соттордун көз карандысыздык принцибин бузуп, соттун нормалдуу иштешине тоскоолдук жаратат. Андай иштер кылмыштуу деп табылат. Мыйзам кандайдыр бир түрдө соттордун ишине кийлигишүүгө жол бербейт", - деп билдирет Жогорку сот.
Булак: NazarNews.kg