www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөө башталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, дрон менен байкоо жүргүзүү программасы атайын тесттик режимде жол кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмү менен коштолгон оор кесепеттерди кыскартуу максатында ишке кирүүдө.

«Бишкек —Нарын — Торугарт жолунда акыркы учурда жол кырсыктары көп болгонуна байланыштуу дрон учуруп, байкоо жүргүзүү менен иш алып баруу башталды», — деп айтылат маалыматта.

Дрондор Ысык-Көл, Нарын тарапка кеткен айланма жолдо учуп, каршы тилкеге чыккандарды, катуу айдагандарды тартып алууда. Эреже бузгандарга протоколду дрон учкан жерден бир-эки чакырым аралыкта турган Кайгуул милициясынын кызматкерлери жазып берет.

Последние новости