www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерине карата зомбулук көрсөткөн жарандарга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
5-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Амир-Темир жана Ферганская көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит үлгүсүндөгү унаада спирттик ичимдик ичип, коомдук тартипти бузуп жаткан жарандар тууралуу маалымат Ош ШИИБге түшкөн.
Кызматтык милдетин аткарып барган милиция кызматкерлери Мурадыл Исраилов жана Кутман Калилов тарабынан спирт ичип отурган жарандар — С.Н. жана Б.М. кармалып, наркология бөлүмүнө жеткирилген. Жеткирүү учурунда жарандар каршылык көрсөтүп, алардын бири Исраиловго зомбулук көрсөтүп, бетке муштап, кызматтык кийимин жыртып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн.
Кесепетинен кызматкер Исраилов жабык баш мээ жаракатын алып, медициналык экспертизанын корутундусу менен жеңил жаракат алган деп табылды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (бейбаштык, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен) боюнча кылмыш иши козголуп, 2025-жылдын 30-апрелинде ага айып угузулду.
Ош шаардык сотунун чечими менен С.Н. жана Б.М. аттуу жарандар 14-майга чейин камакка алынды.