www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев азыр салынып жаткан түндүк-түштүк жолунан мамлекетке тийген зыяндын көлөмү 300 миллион доллар экенин айтты. Коркпой эле айтты, бирок ушундай көрүнүшкө 2015-жылы өзү көмөктөшкөн, себеби ошол кезде премьер-министр болгон Темир Сариевге «жол салган компанияны туура эмес тандадың» деп күнөө такты.
Ошол дооматынын логикасы жок эле. Сариев эң арзан баага сала турган «Лонг Хай» деген кытайдын компаниясы менен келишим түзгөн. Эгемендүүлүктүн тарыхында мындай баа болгон эмес, ал Балыкчы-Корумду жолу. Бир километрине бөлүнгөн баасын башка жолго (формасы бирдей болгон жолдор) салыштырсак, минтип чыгат. Кытайдын «Чайна Роуд» компаниясынын баалары мына (4 тилкелүү жол). Бир чакырымы доллар менен эсептелинген. Пункттары боюнча берели:
1. Бишкек-Балыкчы (реабнлитация) -1 миллион 535 миң доллар;
2. Бишкек-аэропорт «Манас» (реабилитация) - 2 миллион доллар;
3. Казарман-Жалал-Абад (түндүк-түштүк альтернативалык жолу) - 2 млн. 597 миң доллар;
4. Арал-Казарман (түндүк-түштүк альтернативалык жолу) - 3 млн. 112 миң доллар.
Көрдүңөрбү, 1 чакырымы 1,5 миллион доллардан кем эмес. Эми так ушундай эле жолго «Лонг Хай» компаниясынын баасы башка.
Балыкчы-Тамчы-Корумду (реконструкция) бир чакырымы - 747 миң доллар.
Бул компанияга чейин «Чайна Роуд» монополист болгон. Айырмасы чоң. Сариев түзгөн келишим эки эсе арзан, демек мамлекетке пайдалуу. Эсеп-чотту адистер чыгарган (таблицалар бар). Бул мамлекет башкаруу ишиндеги жетишкендиктин (чеберчиликтин) белгиси. Ушундайга Сариев жеткиргенин кантип түшүнбөйсүң?
Мындай жетекчиге уюштурулган «атаканын» себеби да түшүнүктүү болуп турат. Мамлекеттин казынасын колу туткактардан коргогону үчүн, жол салуу ишин коррупциялык схемадан тазалаганы үчүн аны мамлекеттик кызматтан сүрүп салышты. Сариевди ошондо жолдон чыгаруу керек эле. Чыгарышты. Эки «торпеданы» салышты - бири депутат, экинчиси ошол кездеги транспорт министри. Анан массалык маалымат каражаттын пиары менен шыбашты.Биринчиден, Сариев “этникалык калмак”, экинчиден «кыргыздын душманы экен». Ушундай калпты элге жайышты. Бул - провокация. Биринчисин алсак, Темир Сариев солто уруусунун «чистокровный» урпагы экенин санжыра далилдеп турат (Тагай бийге 15 ата менен кошулат). Экинчисинен, кыргызга душман болгон адам кыргыз элинин казынасын «казнокраддардан» коргобойт. Салыштыруу керек десек, анда калмактын Жайсаны менен эмес, кытайдын реформатору Дэн Сяопин менен салыштырсак таамай чыгат - бою боюнча да, иши боюнча да. Сариевдин пайдасын кантип көрбөйсүң, бул бир эпизод эмес, бул бир мисал эмес, бул он чакты конкреттүү объектилер. Бул кыргыз мамлекетине кайтарылган суу сактагычтар, үлүштөр, нефти курулуш, насостук станциялар, автотранспорттук колонна, канаддар жана Ысык-Көлдөгү төрт пансионат. Баардыгы 14 объект. Ушул ишти ал бир жарым жылдын ичинде (2015-2016) аткарган. Буга чейин мындай кадамдын бирин дагы жетекчилерибиз жасаган эмес, тескерисинче, биздин жерлерибизди коңшу мамлекеттерге өткөрүп беришкен (Үзөңгү-Кууш, Каркыра).
Объектилерди кайтаруу - бул өтө салмактуу натыйжа (көрсөң да, кармасаң да, пайдалансаң да болот). Анан дагы Сариевдин демилгеси менен ЕАЭБге кирдик, ВВП көрсөткүчү 4%га өстү, бюджеттин киреше жагы 23 миллиард сомго көбөйдү, чет элдик инвестициялар 216%ды түздү, тендерлер электрондук форматка өттү. Ушундай жетишкендиктер Атамбаевдин мыктыгынан болдубу десек, анда эмнеге Сариевге чейин жана Сариевден кийинки мамлекетибиздин абалы башкача болуп турду? Муну таблицадан даана көрсөк болот - Атамбаевдин алты жылдык бийлигине туш келген түз инвестициялардын таблицасы төмөндөгүдөй:
2012-жыл - 591 миң доллар (өсүш 69 %)
2013-жыл-965 миң доллар (өсүш 163 %)
2014-жыл - 724 миң доллар (өсүш 75 %)
2015-жыл - 1 млн. 673 миң доллар (өсүш 216 %)
2016-жыл-814 миң доллар (өсүш52%) 2017-жыл - 617 миң доллар (өсүш 76 %) Бир легендарлуу эсепчи айткандай, цифралар мээни «макоочулуктан» тазалайт. Ооба, тазалайт, бирок «шылуунчулуктан» тазалабайт экен. 2015-жыл (таблицаны караңыз) бул Сариевдин премьер-министр болгон жылы, бул өлкөбүзгө кошуналардан бир топ объектилерди кайтарган жыл, бул 1,5 миллион долларга түздөн-түз инвестиция алып келген жыл жана 21 %га өсүү жылы. Атамбаевдин башка жылдарына салыштырсак эки эсеге көптүк кылат (таблицаны караңыз). Ушул бир жылдын (2015) көрсөткүчүнө жакынкы жылдарда жетиш мүмкүн эмес, себеби мындайды ишке ашыра турган премьер-министр азыр жок. Мына статистиканын акыркы цифрасы - 2018-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялык агым 247 миң долларды түздү (таблицага салыштырыңыз).
Темир Сариевдин ийгилиги калмак Жайсандын «таажысына» эмес, Манас баатырдын «шумкарына» татыктуу. Жетишкендиктери муну премьер-министрдин кабинетине кайра киргизүүгө негиз берип турат. Жасаган иштерин улап, тартылып кеткенди кайтарып, инвестицияны үч эсе көбөйтүп, доллардын баасын эки эсе азайтып, мамлекеттин казынасын толтурсун десек, так ушундай кылыш керек. Логиканын кыймылы ушундай.
Азыркы президент Сооронбай Жээнбековго мыкты премьер-министр керек. Сапаттуу тандем болууга, өлкөнү өстүрүүгө, мамлекеттин ишин астыга жылдырууга керек. Темир Сариев ушуга жарайт экенин мезгил өзү көрсөтүп турат. Жарык жолго жөндөмдүү жоро керек.
Кубан Мамбеталиев, АЗИЯnews.kg