www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жолдун жээктерине машина токтотуучу жерлерди ээлеп алышып, 40 сомдон акы алган азаматтар пайда болушкан. Эмнеге төлөйм, же силер бул стоянканы атайы курбасаңар, же бир ийилип иш кылып койбосоңор? - десем, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Десятников деген биздин "хозяин" ошого бар дешти. Мындай пикирин тележурналист Шайырбек Абдрахман жазып чыкты.
Кагаздагы көрсөтүлгөн "Паркинг. Кейджи" деген ОсООну издесем, учредители Попов Сергей Викторович деп турат. Жаңылып эле калбасам, Сергей Викторович КР. ЖКнын 4-чакырылышынын "Алга Кыргызстан" партиясынан депутат болгон экен. Эми жанагыл эле суроо:
-Силер эмне кылгандыгыңар үчүн жолдордун жээгине автоунаа тототулуучу жайларга 40 сомдон төлөшүбүз керек? Ал акчалар кайда кетет? - деп кошумчалады журналист.
Учурда борборубуз Бишкекте ири соода түйүндөрүнүн жанында өз алдынча кызматтык орун таап алышкан. Аларга түшкөн акча кайда кетет, аткаминерлердин бири "ооз" ача элек. Бул көрүнүшкө Бишкек мэриясы толугу менен жооптуу же көгөргөн мөөрү болсо эсепке киреби?
Булак: NazarNews.kg