www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өлкөнүн жети облусунан келген меценаттарга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Сыйлангандардын катарында Жаманкул Галдыбаев, Болотбек Давлетов, Мирлан Исагалиев, Исманали Карабаев,  Халича Лумазова, Улан Сырдыбаев жана Нурбек Ташболот уулу бар.

Тагыраагы, Жаманкул Галдыбаев өткөн жылы Алайда катталган жер титирөөдөн жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтсө, ХаличаЛумазова Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылындагы кароосуз калган балдарды, жакыр жашаган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды өз камкордугуна алган. Ал эми БолотобекДавлетов Жалал-Абад облусундагы бир мектепке спорт зал жана китепкана куруп берсе, ИсманалиКарабаев жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздап, каржылык жактан да колдоп келет. Мирлан Исагалиев болсо Балыкчы шаарына гемодиализ борборун куруп, Тоң районунун аймактык ооруканасына реаномобиль сатып берген. Ошондой эле Нурбек Ташболот уулу Нарынга муз аянтын жана кичи футбол талаасын салып аймактагы спорттун өнүгүүсүнө салым кошсо, Улан Сырдыбаев жакыр жашагандарга жана муктаждарга жардам кылган камкоордугу менен белгилүү.

Төрага Дастанбек Жумабеков алардын кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип: “Кыргызстанда ишкерлер арбын. Алардын арасында тегерегиндеги адамдарга жардам берген меценаттар бар экендиги кубандырат. Сиздердин жүрөгүңүздөрдө боорукердик жана ырайымдуулук орун алган. Мындан ары да кайрымдуулугуңуздарды тынымсыз улантасыздар деп ишенем”,– деп кошумчалады.

Өз кезегинде меценаттар берилген Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы элге көмөк көрсөтүү үчүн кылган аракеттерине түрткү берерин белгилешти.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости