www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында жаӊыдан түзүлө турган Өкмөттүн программасы, ошондой эле анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды.

Жыйында ЖК депутаты Акылбек Жапаров, Кытай мамлекетине болгон карыз өтө кооптондуруп жаткандыгын айтты. Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 миллиард доллардан ашкан. Анын 4 миллиарды тышкы карыз, жарым миллиарды болсо ички карыз. Бул ички дүң продуктунун 58 пайызын түзөт. Тактап айтканда бул карыз 2005-жылы гана 67 миллион долларга азайганы болбосо жылына өсүп келген.

Кыргыз элине таанымал, мыкты экономист, ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун бүгүнкү жыйында сүйлөгөн сөзүнүн тезистин толугу менен өзгөртүүсүз окурмандарга жарыя кылабыз.

Урматтуу Төрага!

Урматтуу Премьер-министр!

Урматтуу депутаттар!

Сиздерге абдан маанилүү маселе боюнча кайрылып жатам. Убагында Ленин атабыздын “Алдыдагы кыйроо жана андан кутулуу жолдору” (“Грозящая катастрофа как с ней бороться” ) деген кайрылуусу болгон эле. Ошол сыяктуу мен дагы сиздерге алдыда турган чоң маселени козгоп кайрылып жатам.

Мен айтып жаткан маселе мамлекеттик карыз жана аны төлөө жөнүндө. Быйылкы жылдан башында карызбыз 4,5 миллиард доллардан ашты. Анын 4 миллиарды тышкы карыз, жарым миллиарды болсо ички карыз. Бул болсо ички дүң продуктунун 58 пайызын түзөт.

Бул карыз 2005-жылы гана 67 миллион долларга азайганы болбосо жылына өсүп келген. Ошентип 1992-жылга салыштырганда 800 эсе көбөйдү.

Көпчүлүк эл Жапаров эмнеге эле кыйналып, ушул маселени козгоп жатат, азыркыга чейин деле карызды төлөп келгенбиз, эмкисин деле төлөп салабыз деп ойлошу мүмкүн. Бирок тилекке каршы андай эмес. Азыркыга чейин биз кыйла аз төлөп жүргөнбүз. Алсак, 2011-жылы 56 миллион доллар, 2015-жылы 110 млн. доллар төлөгөнбүз. Эми быйылтан баштап көп төлөп жатабыз. 2018-жылы 191 млн. доллар, ал эми 2025-жылы 320 миллион доллар болот!!!

Ошончо акчаны биз кайдан табабыз?!!! Болгондо да доллар менен. Демек андай валюта табыш үчүн биздин экспорт импортко караганда ошончо суммага көп болуш керек.

Анын үстүнө ошол жылдары Кумтөрдөгү алтыныбыз дагы түгөнөт.

Бизге карызга акча берген эл аралык уюмдар, мамлекеттер биздин шартыбызга карап туруп, аз да болсо аяп, карыз төлөө мөөнөтүн узартып бериши мүмкүн. Бирок ошол карыздардын ичинен бир карыз абдан коркунучтуу болуп турат. Бул Кытайдын бизге берген карызы. Ал карыз биздин карызыбыдын 44 пайызын түзүп жатат.

Кытай өлкөсү биздин карызды кечип да койбойт, узартып да бербейт, карызын төлөө биз үчүн татаал иш болот деген ой менде үстөмдүк кылып жатат.Анын себептери төмөнкүлөр:

Силер бай өлкө болгондуктан кыргыздарды кыйнабай жеңилдик бергиле деп Кытайга эч ким айта албайт. Анткени Кытай киши башына кирешеси орто болгон мамлекеттердин катарына кирет.

2025-2029-жылдары төлөй турган тышкы карыздардын 1,5 млрд - 71 пайызга чейинкиси Кытайдын кредити болуп жатат.

Кытайдын Эксим банкынан карызды алып жатканда эле бул банк келишимге карыз кечирилбейт, мөөнөтү узартылбайт, Кыргызстан эгемендүү мамлекеттин суверенитетин колдонбойт, талаш-тапртыштар Кытайдын мыйзамына таянуу менен Гонконгто чечилет деп биздин жетекчилерге кол койдуруп алган.

Ушул жерден айта кетейин соттошуп калсак Кытайдын мыйзамы менен болот дегенге мен каршы болгом. Жетекчилер мени калтырып, башка чиновникти алып барып кол койдуруп келишкен. Ошол Кытайдын мыйзамын келишимге кол койгондордун кимиси билет деп сурап көрбөйлүбү!

Деги биздин бийликтин иштөө регламенти туура эмес болуп жатат. Акчаны алган жерге мурда адегенде кийин акча төлөй турган орган – Финансы министрлиги барып төлөй алабызбы, же төлөй албайбызбы деп тактап туруп, андан кийин башка министрликтер ишти баштайт эле. Эми болсо ТЭЦке карыз алганда жана башка иштерде Финансы министрлиги эмес башкалар барып келишим түзүп келишкен. Элибизде “отун албаганга от жактырба” деген сөз бар. Акчанын баркын билбегендердин келишим түзүүгө укугу жок болуш керек эле. Бирок андай болбоду.

Эми ошол келишимдерге ылайык Кытай каалаган мезгилде каалаган сумманы кайра кайтарып бер деп бизден талап кылууга толук акысы бар. Биз ошончо карызды кантип төлөп бере алабыз? Алар ошол карыздын ордуна мына бул кенди, же башка байлыгыбызды сураса эмне кылабыз?

Кыргызстан биздин карыз үчүн Ысык-Көлдү бизге бериш керек деп Жириновскийдин айтканы эсиңиздерде болуш керек. 1,5 миллиард эли бар Кытайдан дагы Жириновскийдей бирөө чыкса биз эмне кылабыз? Справка катары биз сыяктуу Кытайдан көп суммада карыз алган Тажикстан 1 миң квадрат километр жерин Кытайга берип салды деген маалыматтар интернетте жүргөнүн айта кетейин. Так аныкталган маалымат боюнча Кытайдан көп карыз алган Шри Ланка портту 99 жылга ижарага берген. Пакистан болсо ошондой эле портту 40 жылга ижарага берген.

Карызды алган жакшы, бирок кайра төлөп берген көп чыр менен бүтө турганын биз өзүбүздүн тажрыйбадан жакшы эле билип калдык. Швейцариянын “Андре” фирмасы, Түркиянын “Пинара” мейманканасын курган фирмасы, Кытайдын картон фабрикасын курган фирмасы жана башкалар менен болгон чыр чатактарды сиздер билесиздер.

Ушуларды айтуу менен кредитти алып, келишимге кол койгон жетекчилердин элибиз үчүн ниети жаман, алар карасанатай, эл душманы деп айткым келбейт. Бир киши “менин эшегим өлгөндөн кийин жерге чөп чыкпай эле койсо мейли” деп айткан экен. Дүйнөгө болгон көз карашы эшегинен ары алыстабагандардын катарына да кошкум келбейт. Алар деле элиме жакшылык кылайын деген ак тилек менен бул ишти жасашкан. Бирок бекеринен “тозокко барчу жол дагы ак тилек менен жасалат” деген сөз чыккан эмес. Чыныгы адистер эмес чала сабат адамдар элине жакшылык кылам деп ушундай кыйын тагдырга тушуктурушат.

Улугу жетик болбосо убура болгон эл карып деп Калыгул олуя айтып кеткен экен. Адистердин, профессоналдардын сөзүн угуп, акылын тыңшап койбой, кадр саясатында көп кемчиликтер болуп келет. Убагында Молдо Кылычтын айтканы бар эле.

Каргалардын арасында шумкар карып

Качырлардын арасында тулпар карып, деп

Баарыбыз ынтымаккка келип, кесипкөйлөрдү, адистерди колдоп, туура айткан сөздү кабыл алып, туура экономикалык саясат жүргүзүүгө мезгил келип жетти. Топ-топ болуп бөлүнүп алып, улам бирибизди талкалап жатып тышкы экономикалык жана саясий иштерде алдырып коюп жатабыз. Башкача айтканда “үйдө баатыр жоодо жок” деген биз болдук.

Эми сиздерге айта турган сөзүм белибизди бек бууп, популисттик эмес, тактап айтканда элибизге жага турган иштерди жасаш керек. Алар мамлекеттик резервге каражат топтоо, салыктарды көбөйтүү, чыгашаларды азайтуу, социалдык милдеттенмелерди азыраак алуу. Антпесек эгемендиктен ажырап калган жатабыз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости