www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорундагы ашууларда, жолдордо көчкү түшүү кооптуулугу бар. Мындай шашылыш билдирүүнү Кыргызгидрометеорология агенттиги таратты.
Бул 25- 29-апрель ичиндеги абанын температурасынын жогорулашына жана боло турган жаан-чачынга байланыштуу экени айтылды.
Төмөнкү жерлерде кар көчкү түшүүсү күтүлүп, күрткү жаралып, жолдорго муз тоңуп, тайгак болорун айтышты:
Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу) жана 207-246-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу)
Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).
Адистер жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эске салды.
Булак: NazarNews.kg