www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калайык-калктын каткырыгын үзүп, канча убак калтыраткан «COVID-19» жоокерлер арасында барбы? Кайсы ата-эне ооруп жаткан өз баласын зордоп Армияга жиберет? Калптын да чеги болот, эмне үчүн Бабановдун «НТС» каналы ушак айткандар тарапта чамынып, жоокерлерди эмес, аскер «бомонддоруна», «замминистрлерге» жарык чачып турат?

«Эчки тууй албай жатып, койго арачы болот?» же Бабановдун «НТС» каналы кимди колдоп жатат?

Чырдан башы айрылбаган НТС каналынын тарыхы өткөн кылымдын аяктарына барып такалат. 2002-жылдын 8-сентябрына чейин ВОССТ телеканалы болуп иштеп келген. Ал кездеги президент Акаевдин уулу Айдар Акаевге жамынып Бабановдун жалданма бандиттери уруп-согуп, рейдерчилик менен ВОССТ телеканалынын менчик мүлкүн тартып алышып, НТС каналына айлантышкан. Өмүрбек Бабановдун бир тууган жээни Сагадылда уулу Жаныбек жетектеген «Аянт» ЖЧКсы уюштуруучусу катары эсептелип калган. «Ата-Мекен» партиясынын 2012-жылдын август айындагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановду алып түшүү үчүн даярдаган справкасында MANSFIELD INTERNETIONAL INC компаниясы «Аянттан» кийин НТСти жетектеп келе жаткан. Бул компания Сейшел аралындагы оффшордо катталган. Кожоюну Георг Кох болгон. 2009-жылы Белиз оффшорунда катталган Stonebridge Holdings Ltd компаниясынын кожоюну бишкектик Вах Мальсагов бул каналды Өмүрбек Бабановдон 17 жарым миң долларга сатып алып, кожоюндук кыла баштайт. Өмүрбек Текебаев ушуну иликтейм деп Белизге барып, кайра келе жатып Сегизбаев тарабынан камакка алынгандыр.

2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келет. «Эки тизгин, бир чылбырды» кайрадан Өмүрбек Бабановдун «Аянт» ЖЧКсы алып, сатып жибергенин унутуп НТСти басып алат. 2011-жылдан аны «Траст медиа» компаниясы алмаштырат. 2017-жылы Бабанов Москвага качып кеткенде, ал кездеги НТСтин директору 2018-2020-жылдары КТРКны жетектеген Жайнак Үсөн уулу жетектеп жаткан убакта НТС каналын Grexton Capital Ltd компаниясы тарабынан басып алууга аракеттер болгон. Компаниялар ортосунда узакка чыр-чатактар болуп, сот процесстер жүрүп турган.

Жалгыз адам болсо кимди шыбап жатса, өзүнүн субьективдүү көз карашын билдирип жатат. Ал эми биздин мамлекетте Бабановго таянып алып, ММКлар ортосунда болгон аламан жарышта алдыңкы саптарда болууга жанталашып жаткан НТС каналы өзүнүн рейтингин жогорулатуу үчүн Коргоо министринин орунбасары айтты эле деп, анын сөзүн мыйзам кылып, жалган болсо да жоокердин ата-энесине бет тырмаарлык жалаа жаап, «эл караган бетин, жер каратуу» туура эмес. Кайсы ата-эне өз баласынын оорусун жашырып же оорусун билип туруп, башкаларга жуктурсун деп атайын Армияга жөнөтөт? Бир жактуулуктан кутула албаган НТС каналы мансаптагы адам айтты эле деп, эмнеге мындай материалдарды таразалап экинчи тараптын пикирин укпай туруп элге жарыялайт? Массалык-маалымат каражаттарынын анын ичинде Бабановчул «НТСтин» башкы милдети экинчи тараптын оюн да билип, эки тараптын тең оюн айта турган болсо жакшы болмок. Бул бир гана жолу берилсе мейли, бирок кайталанып аарыдай жабышып алып, бир тараптын пикирин таңуулаштан мурун экинчи тараптын да ой-пикирин бериш керек эле. НТСтин оюу боюнча «желмогуздар» жалаң бир тарап болуп, экинчи тарап мансаптагылар,аскер «бомонддору» болсо сүттөй аппак болуп элге даңазаланып жатат. Экинчи тарап деле бир нече ирет байланыша турган телефондорун массалык - маалымат каражаттарына берген, бирок жалган маалыматтарды бергени аз келгенсип, кашайтып калп айтып жатса ушундай массалык-маалымат каражаттарына ким ишенет? «Телефонго чалсак жок экенсиз» деп калпты шыбап жатышпайбы түгөттүкү, телефонду жалдырап жанынан түшүрбөгөн немеге, телефондун жанынан чыкпаганын уккан соң башка калп айтууга өтүп жатат.

Кайсы ата-эне ооруп жаткан өз баласын зордоп Армияга жиберет?

НТС каналына таянып алган аскер жетекчилеринин айтуусунда Эргешов деген жоокер атайын башка жоокерлерге дартты жуктуруш үчүн келген сыяктуу. НАТОго таянып алган АКШнын Пентагону да «биологиялык бомбаларды» жасашы мүмкүн, бирок мындай НТС менен аскер «бомонддору» ойлоп тапкан кара беттикке бара алышпайт. Эргешов деле «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» өстүргөн анын алдейлеп чоңойтуп өстүргөн баласы. Ал Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясын жакшы баалар менен окуп, элге өрнөк болуп, бул окуу жайын ийгиликтүү аяктаган.

Азыркы учурда кимдер өз мекенин коргоого аттанышат? Албетте сасыган бай-манап, көпөс-буржуйлар акчасын чачышып балдарын эл-жерин коргоого жиберишпей, өз элин сүйгөн мекенчил патриот адамдар гана, карапайым адамдар гана балдарын аскерге жиберип калышкан. Же эмне мекен, Кыргызстан бир гана карапайым адамдар үчүн керекпи? Академияны аяктаган Эргешовдун атасы деле баласына акча берип Армиядан алып калса деле болмок. Бирок, мекеним дегенде ичкен ашын таштаган атасы аны жоокердик милдетин өтөп дасыксын, такшалсын дегендир. Кантип эле баласынын туберкулез экенин билип туруп, барып башка жоокерлерге жуктуруп келсин деп Армияга жөнөтүп жибермек эле? Угушубузча ал баланы Кыргыз Армиясынын катарына кабыл алганда атайын комиссияда медициналык текшерүүдөн өткөндө эч кандай туберкулез же башка оорусу жок экенин аныкташкан. Тогуз-Торонун рентгени ойноп жатыптырбы, ал жерде Кыргызстанды алтын менен камсыз кылган «Макмалалтын» бар. «Макмалалтын» элди тейлөө боюнча көп жакшы иштерди алып барып жүрөт. Тогуз-Тородо Кыргызстандагы мыкты деп эсептелген медициналык аппараттардын бар экени ушул ишканадан улам болсо керек. Ал эми НТС каналы баш болгон ушакчы аскер «истеблишмэнттеринин» айтуусунда медициналык справкалар кийин жасалган сыяктуу, бул «призывник» эч текшерилбей эле кыянаттык кылып, оору жуктуруш үчүн гана баргандай. Ушундай ушактардан соң ата-энесинин ал-абалы кандай болот? Атасы го мейли кулагын жапырып угар, ал эми энеси кантет? Эне кантип өз баласын туберкулез болуп туруп Армияга кеткен деген ушакка чыдасын? Бул сөздү уккан эне кандай абалда турат?

Аскер «бомонддору» ушактаганын качан токтотушат?

Эргешов милиция Академиясын аяктаган соң, күзүндө көзү өткөн чоң энесине топурак салып, кыркы өткөн соң, эл сыяктуу медициналык кароодон өтүп, дарыгерлерден жоокердик милдетин өтөөгө жарайт деген көрсөтмөсү менен аскерге жөнөтүлөт. Ал жөнөгөн убакта атасынын да иши боюнча командировкага чыгып Балыкчыга бирге барышат. Атасы Аскер комиссиаратында жоокерлик кызматтан кайтып келгендер менен иштешкен бөлүмдө иштейт. Ошондуктан Тогуз-Тородон чыгышкан он бир келечектеги жоокер менен бирге Балыкчы шаарына келет. Анын бир тууганы ошол жерде жашагандыктан ал жерде орун алып, эртеси жоокерлерди медициналык текшерүүдөн өткөзүп жатканда , жоокерлердин алып кетүү боюнча кайсы бир бөлүктүн офицерлери менен маектешип калганы да жалган эмес. Бул жерде эч коррупциялык жол жок. Алар жогорку билимдүү балдар барбы деп анын уулун жана башка жогорку билимдүү жоокерди тандап алышкан. Ошентип, булар бөлүккө бөлүнөт. Албетте, ал жерде эми гана санитардык эрежелерди ойлошуп, жоокерлердин ден-соолугу үчүн кам көрө башташты. Ал эми күзүндө жоокерлер бул жакка келгенде эч кандай шарттар болгон эмес. Санитардык шарттардан тышкары жаңы келген балдарды ант берүүгө даярдайбыз деген шылтоо менен карантинде ар кандай тиешеси жок машыгууларды өткөзүп, элет жеринен жаңы келген жоокерлерди муздак суу менен процедураларды өткөрүшкөн. Муздак бөлмөлөрдө жамына турган бир эле одеяло болгон. Балдарды да аяш керек эле. Ушундай шарттарда «Какаганга муштаган» болуп, катуу сууук болот. Эргешов ушундай шарты жок жерде, суук күчөгөндө жөтөлгө кабылат. Анын оорусун таппай коронавируспу дешип, өз алдынча андан да суук, терезелерине сынган бөлмөгө жапжалгыз бөлүп коюшат. Акыры бул кабар ата-энесине жетип ал жерден алып кетеринде жок дегенде бир бушлат берип койбой, жоокерди жылаңачтап кетиргени деги кудайга жага турган ишпи? Кийимдерин кийин деле алып келмек да. Ошентип, соо жоокерди оорулууга айлантып ата-энесинин колуна салып берип тим болушпайт. Андан соң кайра суукта бир нече жоокер ооруп калат. Эргешовдун атасы да ата-энелердин жыйынында болмок, бирок жумушуна байланыштуу бир күн кечигип калат. Анын келбей калганына шылтоолоп, мына Эргешов туберкулезду барына жугузуш үчүн келген. Анын ата-энеси анын оорулуу экенин билсе да атайын жиберген дешип, ал эмес Бабановдун НТС каналы аркылуу бүт элге таратууга аракет кылган. Бул талаш али аягына чыга элек, «Ак ийилет, бирок сынбайт» жок дегенде маалымат каражаттарынан эки жактын пикирин тең бирдей берип турса болмок. «Кылгылыкты кылышып, кыл жип менен буушуп» аскерлик «истеблишмэнттери» өздөрүнөн күнөөнү айдоо үчүн башкаларга жалаа жабыш туура эмес. Ылайым жоокер жигит бул оорусунан сакайып кетсин, бирок соо адамдарды ушак менен эл караган бетин, жер караткан аскер «бомонддору» менен НТСке окшогон маалыматчылар кимдин алдында жооп беришет? Эми калганын кудайга койдук.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости