www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин арасында адам укуктарынын сакталышын караган мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүлө турган болду. Бул туурасында Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул жаатта иштер 5-сентябрдан башталмакчы.

"Алар аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалымат чогултушат жана жеринде аскер кызматкерлер, аскер бөлүктөрдүн жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөт. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган атайын баяндама даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Жумушчу топтун төмөнкү иштерди аткарары айтылды:

акыркы 5 жылдын ичиндеги аскерлердин өлүмү, уруп-сабоо жана өзүн-өзү өлтүрүү боюнча фактыларды топтоо, аскерлердин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү;

аскер бөлүктөргө барып, жеринен мониторинг жүргүзүп, жоокерлер жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүү, сурамжылоолорду өткөрүү;

аскерлерди суицидге алып келген көйгөй/себептер жана аскердик бөлүктө "дедовщинаны" алдын алуу, кыйноолорду болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо;

улуттук жана эл аралык мыйзамдарды жана практиканы изилдөө, КРдеги укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу сыяктуу тапшырмалар, максаттар коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости