www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 29- декабрда кыргыз элинин залкар акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 12:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Жоомарт Бөкөнбаев

Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районунун Мазар-Сай айылында туулган. Ата-энеден эрте ажырап, Жалал-Абад шаарына жакын «Көк-Арт» балдар үйүндө тарбияланган.

1931-ж. Фрунзедеги педтехникумду, 1935-ж. Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында бөлүм башчы, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, «Советтик адабият жана искусство» журналынын башкы редактору, «Мекен үчүн, алга!» гезитинин редактору болуп иштеген. 

Акын 1944-жылы «Манас» эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат иш сапары учурунда жол кырсыгынан каза болгон.

Тенти Адышева

Тенти Адышева (Жунушбай кызы) 1920-жылы 19-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Тенти Адышева айылдагы мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы, Фрунзедеги медициналык техникумдан атайын кызматкерлер келип, татыктуу окуучуларды тандай башташат. Билим алуу үчүн катуу аракет кылган жаш кыз тандоодон өткөн жаштардын катарында борбор шаарга аттанат. Айылдык кыз окуу жайда мыкты окуп, алдыңкы студенттердин бири болот. Медициналык техникумдун жүзү катары Бүткүл союздук комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага да барат. 

Белгилей кетсек, Тенти Жоомарт Бөкөнбаев менен 19 жашка чыкканда баш кошкон. Бирок экөөнүн түтүн булатканына беш жыл болгондон кийин Бөкөнбаев жол кырсыгынан каза болот. 24 жашында кичинекей үч баласы менен жесир калган акын үчүн бул жоготуу аябай оор болгон.

Эл акыны кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Лениндин 100 жылдыгынын урматына» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамоталары менен сыйланган. Аны менен бирге эле «Кыргыз ССРинин эл акыны» деген ардактуу наам да ыйгарылган.

Тенти Адышева 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Акындын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө, Жоомарт Бөкөнбаевдин мүрзөсүнүн жанына коюлган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости