www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жооштон жоон чыгат”

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов өзүнө тагылган миддетти тартып кете албай, жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатканы үлкөндөр тарабынан талкууланып, кызмат ордуна татыктуубу деген маселе күн тартибинде турат. Анткени «Көчмөндөр оюндарынын» уюштуруу иштерине жооптуу катары Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмиле Эрдогандын Кырчындан кайтканда капчыгайда тыгында калышы боюнча маселеде жоопкерчилик тартчулардын сап башында.

Бул аз келгенсип, өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда жаңы курулган көп кабаттуу үйлөргө өрт коопсуздугуна уруксат бериш үчүн ар бир салынган үйдөн бирден квартира алып турганы боюнча маалыматтар чыгып, текшерүү жүрүп жатыптыр. Министр болгонго чейин көптүн бири катары жүргөн Бороновдун учурда бери дегенде элиталык 50 квартирасы бар экени кеп болуп жатат.

Мына сага, "жооштон жоон чыгат" деген ушул эмеспи...

Булак: “Фабула”

< Предыдущий
Самын...
Самын...
18.09.2018 22:56

Последние новости