www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат райондук соту тарабынан 1970-жылы туулган Бактиярдын (аты-жөнү өзгөртүлдү, О.Б.Т.) аталык укугунан ажыратуу жөнүндөгү жарандык иши каралды. Бул тууралуу http://www.turmush.kg жазып чыкты.

Доогер, Ноокат районунун прокурорунун милдетин аткаруучу сотко доо арыз менен кайрылган. Анын арызында көрсөтүлгөндөй, Бактияр 2018-жылдын август айында жубайын тѳрѳт үйүнѳ жеткирип, үйүнө келгенден кийин түн ичинде мас абалында ѳзүнүн 2004-жылы туулган кызын уктап жаткан жеринен тургузган. Андан соң, Баткен облусундагы шаарлардын бириндеги темир жолдун жанына алып барып, күч колдонуп жыныстык катнашка барган. Андан кийин 2019-жылдын январь айынан апрель айына чейин жубайы үйүндѳ жок учурда кызынын алсыз абалынан пайдаланып, аны менен бир нече жолу жыныстык катнашта болгон.

Соттук отурумда доогер, Ноокат районунун прокурорунун ишенимдүү ѳкүлү Бактияр Ноокат райондук сотунун 2019-жылдын 24-июлундагы ѳкүмү менен 20 жылга эркиндигинен ажыратылганын айтып, эми аны аталык укугунан ажыратууну суранды.

Ал эми Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү соттон доогердин доо арызын канааттандырып берүүнү суранды.

Ноокат райондук соту доогер, Ноокат районунун прокурорунун милдетин аткаруучунун доо арызын канааттандырып, Бактиярды аталык укугунан ажыратты.
 

Последние новости