www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жукпас Улугбек Ормонов тууралуу учкай кеп

Учурдагы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарына карата коомдо сын-пикирлер абдан көп. Бул чакырылыштын депутаттары өз милдеттерин аткара алышпай, президент Садыр Жапаровдун кол жоолугуна айланышып, кадыры калган жок. Казино мыйзамынын кабыл алышканы, Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп беришкени аркылуу элдин назарынан биротоло калышты. Мындай абал өз кезегинде Жогорку Кеңештин аброюна көлөкө түшүрүп, парламент өз милдетин аткарууда алсыздык кылып, президенттин көзүн караган шалга айландырды. 

Элибизде көч башы кайда барса аягы ошол жакка барат дегендей, өздөрүнүн функционалдуу милдеттерин аткара алышпай жалтаңдык, чабалдык кылып жатышкан депутаттардын көч баштаган лидерлери кимдер деген суроо жаралат? Биз мына ушул 7-чакрылыштын лидерлеринин чама-чаркы кандай экенине саресеп салып көрөлү. Бул жолу депутат Улугбек Ормоновдун саясий «ишмердүүлүгүн» сөз кылабыз.

Жукпас Улугбек Ормонов...

Ал эми 12 депутаты бар «Ишеним» фракциясынын лидери болсо Улугбек Ормонов аттуу «жукпас». Ойкуп-кайкып, улам бир партиядан бир партияга секирип, терисин жыланча тез-тез алмаштырган суу куйдулардын сап башында турат. Стратегиялык мааниси зор «Дастан» ишканасын «майкандагандардын» көзүрү десек жарашат. Бакиевдин тушунда саясатка активдүү аралашып «Ак жол» партиясынан депутат болуп, кийин фракция лидери болду. Бул дагы 2010-жылкы революцияда жээкке серпилген балыктай кыйын абалда калган. Анан 2015-жылы жалаң Бакиевчилер чогулуп «Бир бол» деген партияга баштарын бириктирип, акчаны самандай сапырып жатышып Жогорку Кеңешке келишти. Ал убакта Алтынбек Сулайманов буларды былк эттирбей кармады. Улугбек мырзадан кыңк эткен үн чыкчу эмес. Эми болсо «Ишенимден» депутат. Фракция лидери. «Кемпир-Абад» кетип жактанда Өзгөндүн кулуну катары калыс сөзүн айта албай, колдоп берди. Жалтак, өз пайдасын көздөгөн жылма саясатчы. Анан кантип Жогорку Кеңештин аброю түшпөйт?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости