www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чоң казаттын" өкүлдөрү Сыймык Жапыкеевдин айтып чыккан маалыматтарынын негизинде депутат Кубанычбек Жумалиевдин жана анын жубайы Роза Аманованын мал-мүлкүн текшерүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында айтылган маалыматтар жалган болуп чыкты. 4-июнда өткөн Ленин райондук сот отурумунун жыйынтыгы тууралуу Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев айтып берди.

Анын айтымында, Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин мал-мүлкүн текшерүүнү соттон суранган. Бирок депутат менен анын туугандары сотко тиешеси жоктугун баса белгилөө менен кадыр-баркына доо кеткендиги үчүн доо арыз жазган. Ал эми Сыймык Жапыкеевдин жактоочусу соттун жообу чыга электе эле арызын кайтарып алган.

Ошондой эле Жумашев Сыймык Жапыкеевдин өкүлдөрү Жумалиевдин 2,5 миллиард доллары жок экенин мойнуна алышканын белгиледи.

"Сыймык Жапыкеевдин өкүлдөрү Кубанычбек Жумалиевдин 2,5 миллиард доллары жоктугун билдиришти. Жумалиевдин оппоненттери анын “төгүлүп-чачылган” абалы жөнүндө социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтардын чындыкка жатпасын түшүнүшөт деп ишенем”, - деди адвокат.

Адвокат Кубанычбек Жумашев Жумалиевдин бюджетке салык жактан карызы жок экендигин эскертти. Буга чейин адвокат Мамлекеттик салык кызматына арыз менен кайрылган, анда салык жагынан Жумалиевдин карызы жок экендигин тастыкташкан. Бөлүмдүн расмий жообу соттук иштин документине тиркелген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости