www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жумгал районунда кечээ жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Как” көмүр кенинде жер көчкүдөн улам убактылуу иш токтотулган. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Дүңгүрөмө айылында «Минерал Прайм» көмүр казуучу ишканасында жер көчкү жүргөн. Анын көлөмү бир миллион кубометрге жакын. Окуя болгон жерге дароо бөлүмдүн адистер тобу жөнөтүлгөн.
Ишканада коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары болгондугу аныкталган. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көмүр казуу иштерин убактылуу токтоткон.