www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Айнура Каниметова каза болду

"Кут Билим" гезитинин бөлүм редактору, билим берүүнүн отличниги Айнура Каниметова 25-августта 50 жашка караган курагында оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери маалымдашты.

Маалыматка ылайык, маркум дээрлик чейрек кылым бою журналистиканын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келген.

"Кесиптик милдетин дайыма жоопкерчилик менен аткарган калемдешибиздин каза болушу кабыргабызды кайыштырды. Шум ажал эрте алып кетти. Айнуранын кесиптик чеберчилиги жогору, чыгармачылык чабыты бийик, бардык кесиптештери менен мамилеси абдан жакшы эле. Арабыздан кетип, акка моюн сунган кесиптешибиздин ата-энесине, бир туугандарына, кызы Мадинага жана башка жакындарына кайгырып кайрат айтабыз, кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп билдиришти кесиптештери.

Айнура Каниметова 1970-жылы туулган. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын ортосунда Бишкек гуманитардык университетинин орус филологиясы факультетин аяктагандан кийин, "Кут Билимде" корректор болуп иштей баштаган. Андан кийин кабарчы, бөлүм редактору болуп талыкпай иштеп, дээрлик чейрек кылым журналистикада ак кызматын өтөдү.

"Кут Билимден" тышкары Улуттук "Кабар" агенттигинде кабарчы, Билим берүү жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы болуп иштеген.

NazarNews маалымат агенттигинин эмгек жамааты Айнура Каниметованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости