www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада коронавирус илдетинин экинчи толкун коркунучу күн санап артып жатат.

Испания Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча акыркы 24 сааттын ичинде 3 миң 594 киши катталып, 47 киши каза тапкан. Ал эми жалпы  катталгандардын саны 419 миң 849га жетип, 28 миң 971 киши өлүмгө дуушар болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда эң көп вирус катталган аймак Мадрид шаары. Мадридде акыркы 24 сааттын ичинде 1513 киши катталган. Мадриддин аймактык президенти Исабель Диас Аюсо буга байланыштуу карантин киргизилбей турганын, бирок жаңы комменданттык саатка өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Мындан сырткары Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, кечээ болуп өткөн басма сөз жыйынында коркунуч жараткан экинчи толкундун каптап баштаганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости