www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калган он алты партиялардай эле “Кыргызстан” партиясы деле ызы-чуусу жок эле өтүп кетиши керек эле, балким БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстан” партиясын Атамбаев спикерге жеткизген дараметүү Дастан Жумабеков менен Тазабек Икрамов тантык тилдерин беш жыл оңдоп, сабаттарын ачсын деп бут тосуп койгондур? “Кыргызстан” партиясынын БШКга документтерин өз мөөнөтүндө тапшыра албай калгандыгы тууралуу дудуктан башкасынын бары үн салып жатышат. Тарыхий жактан алганда “Кыргызстандын” түзүлгөнүнө 5 жыл гана болду. Партия түзүлүп жатканда эмне үчүн мамлекеттин атын алат деген ызы-чуу болгон. Андан тышкары ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн СДПКсына “клон” катары түзүп жатат деген кептер болгон. Бул партиянын “серый кардиналы” алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов. Балким, ошондуктанбы ушул парламент аяктаар алдында, ага чейин бизнесин кылып жүргөн Шаршенбек Абдыкеримов парламентке депутат болуп келди.

Ушул парламенттик шайлоо алдында эл коронавирустан кыйналып жатса “Ата-Мекен” партиясы менен биригип “таң атпай торгой сайрагандай” сайрап, ал жерден кубаланып, “Бүтүн Кыргызстанга” барып шермендеси чыгып ал жерден кубаланган Темир Сариев деген трайбалист оён бар. Шаршенбек Абдыкеримов Темир Сариевдин өкүл баласы. Өкүл атасы элдин кыйналганын уруп ойнобой тойпоңдоп жүрүп, элдин каргышына калса, өкүл баласы да аны тартып парламентик шайлоо алдында аксап турат. Бүгүнкү Ала-Тоонун пиарына айланып, партия тандап туш –тарапка тентип жүргөн Темир Сариев өз жакындарына да жаман өрнөк көрсөтүп жаткандай. Анын биздин мамлекеттин атын «Кыргызстанды» алып жүргөн өкүл баласынын да иши чатакка айланып бүгүнкү Ала-Тоонун пиарына айланып учуп турган учуру. Бул жерде эмне жаңылыштык кетти, эмне үчүн документтерин мурунураак өткөрүүгө ашыгышпай саамактап туруп алды деген кеп бар. Эмне иш болду, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы сот аныктаар, ошентсе да парламенттик шайлоодо сүрөй турган күчтүү электораты бар «Кыргызстандын» парламенттик шайлоодон четтеп калышы туура эместей. Анткени, парламенттик шайлоого аз калды, ошол шайлоодо кайсы партия жеңишке жетишерин электорат аныктамак.Темир Сариевдин партиядан партия тандап парламенттик шайлоого катышпай калганын эл билет, эми Темир Сариевдин өкүл баласы Шаки жетектеген «Кыргызстан» партиясынын башына да мүшкүл иш түшүп турат.

Ушундай жаман окуялардын чыгышына эки себеп болуп жаткандай. Биринчиден, парламенттик шайлоонун элдин талабы менен эсептешпей коронавирустун убагында өтүп жатканы. Экинчиден, мейли коронавирустун убагында өтсө, ушул убакка дал келип калды да.Темир Сариев да, Шаршенбек Абдыкеримов да колунда күч кубаты бар олигархтар шайлоону баштаар алдында кыргызча аксакалдарды чакырып бата алып коюш керек эле. Ишти Сариев чамгарактап баштаса, Шаршенбек Абдыкеримов тоготпой баштады. Шаршенбек Абдыкеримов

БШК эмне кылар эле деп көп тоготпогондун натыйжасын көрдү. Эми соттон жеңип парламенттик шайлоого кошулса да бир топ “имиджин” башка өз убагында өтүшкөн партиялар илип кетери түшүнүктүү.

Мындай инцидент биринчи жолу болуп жаткандыктан сот процесси кандай жүрүшү күтүлөт? Мурунку мамлекет башчылардын убагында сот процесстери эки-үч жылдап созулуп кете турган. Ал эми парламенттик шайлоого старт алууга саналуу күндөр калды. Шаршенбек Абдыкеримовдун “Кыргызстан” партиясы али күнчө тиешелүү документтерин топтоп сотко өткөзө элек. Мындайда тез иштебесе болбойт, БШКдан тиешелүү буйрук чыгар менен сотко документтерди даярдап өткөрүш керек эле. Эми сотко документтерди тапшырып, ал карагыча да бир топ убакыт өтөт. Азыр ар бир мүнөт эсептелүү. Сот кандай бүтүм чыгарат бул бийликке тийген сокку болот.

Биринчиден, эгер сот БШКнын чыгарган чечимдерин туура таап, “Кыргызстанды” парламенттик шайлоодон четтете турган болсо, анда “Кыргызстанды” колдогон адамдар бийликке асылышып, “Кыргызстанды” аянычтуу партияга айлантышы мүмкүн.

Экинчиден, эгер сот БШКнын чыгарган чечимдерин туура эмес таап, “Кыргызстанды” парламенттик шайлоого кошо турган болсо, анда “Кыргызстанга” атаандаш адамдар кайрадан бийликке асылышып, Шаршенбек Абдыкеримов чечимдерди акчанын күчү менен алды деп чыгышы толук ыктымал.

Үчүнчүдөн, дагы бир вариант бар. “Кыргызстанды” колдогондордун да, ага атаандаштардын да оозун жапкан. Бул вариант боюнча сот процессин создуктуруп койсо парламенттик шайлоо бүтүп калат. Анда тыягы да, быягы да унчукпай калат.

Эми кандай тыянак чыгарарды бир кудай, бир сот билер. “Болор иш болду, боёсу канды” дегендей “Кыргызстан” партиясы тезирээк сотко документтерин өткөзүп, тиешелүү чечимдерди күтүш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости