www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында мушташкан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин иши Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, ЖКККБнын кызматкеринин иши прокуратурадан УКМКга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

«ЖКККБнын кызматкеринин арызы боюнча каралып жаткан иш Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлдү. Ошол эле учурда ИИМдин ички иликтөө кызматы да териштирүү иштерин жүргүзөт», – деди ал.

Буга чейин 19-августта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ортосунда өз ара чыр чыгып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына экөө тең арыз менен кайрылган болчу. Бүгүнкү күндө Тилек Моңолбаев алган жаракатынан улам Ош шаардык бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө, Манасбек Полотов үй шартында дарылып жатканын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости