www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Еврейлердин акылдуулугунун сыры эмнеде? –  деген суроо койот америкалык окумуштуу Чарльз Мюррей "Commentary " журналына жарыяланган "Еврей генийи" деген макаласында. Еврейлер бүткүл адамзатынын  0,2 пайызын түзсө да, 20 кылымдын биринчи жарымында Нобель сыйлыгын алгандардын 14 пайызын, экинчи жарым жылдыгында 29 пайызын алышса, жыйырма биринчи кылымдын башында 32 пайызды алышкан.

Интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү ченеген IQ тести иштелип чыккан соң, еврейлерде интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр өтө жогору экени белгилүү болгон.  Орто эсеп менен IQ 100 балл деп эсептесек, орточо еврейлерде IQ - 110, ал эми 140 пайыздан жогоркулар башка улуттарга салыштырмалуу еврейлерде алты эсе жогору. Нью-Йорктун мектептеринде IQ 170 тен ашкан 28 бала окуса, алардын ичинде 24 еврейлер болгон.

Мюррей «табигый тандоо» теориясынын негизинде: «куугунтуктоолордон улам жашап кетиш үчүн еврейлер өз интеллектин өздөрү курчутушкан» деген сөздү жокко чыгарат. Интеллект массалык талоондордун учурунда еврейлердин жашап кетүүсүнө жардам берген деле эмес, тескерисинче карактоо жана зордук-зомбулук менен тартып алуу учурунда эң жетиштүү адамдар биринчи курмандыкка чалынган. LiveJournal MosheKamды пайдалануучулар жакшылап көңүл бура турган еврейлердин акылдуулугунун жыйырма себебин иштеп чыккан:

1. Вавилондук евгеника

Биздин доорго чейинки 586 жылы Навуходоносордун башкаруусундагы Вавилон тарабынан Иерусалим толугу менен кыйраган, бардык еврейлер сүргүнгө айдалган. «Бардык еврейлер … жоокер, офицерлер, бардык усталар менен көркөм өнөрчүлөр… кедей-кембагал адамдардан башкалары, сүргүнгө айдалсын» (2 Падышачылык, 24: 10-14). Вавилондо сүргүндө жүрүшкөн биринчи диаспорадагы еврейлер өздөрүн көрсөтө алышкан. Макс Димонт (Max Dimont) өзүнүн «Бүлүнгүс еврейлер» деген китебинде минтип жазат: «Вавилондун китепканаларында  еврей–интеллектуалдар көптөгөн жаңы идеяларды ачышкан. Кырк-элүү жыл сүргүндө болушкан еврейлер Вавилондун ишкерчилик, илим жана маданиятынын башында болушкан. Алар соодада да лидерлерден болушкан, илимий ишмерлер, башкаруучулардын кеңешчилери болушкан.

Биздин заманга чейинки 538 жылы персиялык падыша Улуу Кир еврейлерди өз мекенине кайтууга уруксат берет. Вавилондо ийгиликтүү соода жана бизнес кылышкан бай еврейлер Иудеяны кайра бутунан тургузуу үчүн мекенине кайтып жаткан еврейлерге финансылык жардам беришкен. Биринчи жасаган аракеттер ийгиликсиз болгон, бирок 1760–жылы көчүп келгендер Ездра пайгамбардын жетекчилиги аркылуу Иени Неемиянын башкаруусунда кайра жаңыртышкан. Иерусалимди жана улутту буттарынан тургузушкан. Израилге кайтып келишкен «Вавилондук еврейлер» өздөрүнүн жакыр туугандары, алардан жарым кылым артта калышканын, башка улуттар менен ассимиляция болгондон улам тилдери да аралашып баратканын түшүнүшөт. Кирил Дарлингтон (Cyril Darlington)  «Адамдардын жана коомдун эволюциясы» деген эмгегинде еврей элитасынын бөлүнүп чыгышы менен интеллектуалдуу сабаттуулукка умтулуу башталат. Өз мекендерине кайтып келген еврейлер эки адатты бекем сакташа баштайт, биринчиден, акыл–эстин күчтүү болушу үчүн жандалбасташат жана Муса пайгамбардын беш биринчи китебин чыгарышып, динсиздер менен нике кылууга тыюу салышат.

2. Эл үчүн ойлоп табылган китептер

Тооратта Мусанын убагында байыркы еврей элинин Иудиаизм дини боюнча мыйзамдардын жыйындысы берилген. Иудиаизм боюнча сокур туурап гана тим болбойт, көп нерсени абстрактуу деңгээлде түшүнүш керек. Тоорат, Забур, Инжил бардыгы еврей элдеринен чыккан.

3. Туура жашоо образы жана тамактануу

Динсиздерге салыштырмалуу еврейлер таза кандуу келишкен. Ар бир тамактануунун алдында колдорду жуу, ар бир жумада эркектердин мончодо жуунушу жана  аялдардын ар бир менструалдык айыз мезгилинен соң тазаланып турушу алардын таза кандуу экенинин белгиси. Еврейлердин чочконун этине тыюу салганы трихинеллез оорусунан сактаган. Ошондон улам, еврейлер аз оорушкан, алардын денеси аз запкы жегендиктен, акыл жөндөмдүүлүгү өрчүшүнө алып келген. Мындай көз караш бир гана жолу айтылып калган жок. Жон Хопкинс (Johns Hopkins University) университетинде фармаколог Дэвид И. Махт (David I. Macht) иликтөө жүргүзгөн, еврейлердин ыйык китебинде тыюу салынган тамак-аштардын көпчүлүгү уулуу болуп эсептелет. Шерон Моалем (Sharon Moalem) жазган «Оорулуу турмуштан сактануу» деген китебинде Песах маалында кээ бир тамактарды жебей койгондун себебинен улам, 13 кылымда болуп өткөн чумадан жана келемиштерден сактап калган. Андан тышкары да бай еврейлер Чыгыш Европанын калкына караганда кенен үйлөрдө жашаша турган, ошондуктан бул болуп өткөн эпидемияда азыраак жоготууларга учураган.

4. Билимге өзгөчө көңүл буруу

Тооратты өз баласына үйрөтпөгөн атасы мыйзам боюнча чоң күнөө кылган болуп эсептелинет, ошондуктан futurepundit.comдо Мариса Ландау (Marisa Landau) еврей дини боюнча балдарды билимсиз калтырбаш керектигин белгилеген. Андан тышкары еврей аялдары байыркы дүйнөдөн бери өтө сейрек кездеше тургандай билим алып, жазганды билип келген. Ландаунун айтуусунда еврейлерде жакшы адат бар, күйөө баласы окуп жаткан учурда 10 жыл боюу толугу менен материалдык жактан камсыз кылыш керек. Балким, «стипендия» дегенди еврейлер ойлоп табышы толук мүмкүн.

5. Балдардын милдеттүү мектептен окушу

64 жылы биринчи диний кызматкер Иешуа бен Гамла (Joshua ben Gamla) 6 жашынан баштап балдардын милдеттүү мектептен окутуу тууралуу Указды киргизген экен. Жүз жыл ичинде еврейлер жалпы сабатсыздыкты жоюшуп, тарыхты ушундай жетишкендикке чыккан биринчи улут болгон. Бул прогрессивдүү указ көптөгөн демографиялык өзгөрүүлөргө алып келет. Билим алууда баанын жогору болушу 2 жана 6 кылымдарда фермердик чарбалардын басымдуулук кылышы, көптөгөн еврейлердин христианчылыкка өтүп кетишине шарт түзүп, еврей калкы 4 жарым миллиондон 1,2 миллионго түшүп кеткен. Тамырлашкан «евгеника» ушул жерде өзгөчө кырдаалдарды түзүп берген: биринчиден, балдарын камсыздандырууга күчтөрү жеткен бай жана акылдуу еврейлердин балдары билим алышып, еврей бойдон кала беришкен, экинчиден, жазганды, окуганды тез өздөштүрүп алышкан бардык акылдуу балдар еврей бойдон кала беришкен. Ал эми кимдер башка улуттарга кошулуп кеткен? Албетте, кедей-кембагал, билимсиз адамдардын балдары.

6. Шаарлардын өсүшү

Биздин замандын башында  80-90% еврей калкы фермер болушкан экен. Бирок, 1000 жылдан соң алардын 10-20% гана фермердик чарбачылыкта калган. Джошуа бен Гамланын Указынын негизинде белгилүү талаптар менен билим деңгээлин көтөргөн соң еврей балдары айылдардан шаарларга келишип, соода жана финансы, банк жана башка квалификациясы жогору турган кесиптерге өтө баштайт. Айылдын шаарга келе баштагандардын IQ көрсөткүчү өсө баштайт, шаар калкынын өсүшүнөн улам, технологиялар да өсө баштайт.Шаарда өскөн балдар айылда өскөн балдарга салыштырмалуу IQ көрсөткүчү боюнча жогору турат, ал эми еврейлер көпчүлүгү шаарларда турушат.

7. Диалектикалык жана рационалдуу ой жүгүртүү

Еврейлердин билимге умтулуусу –«диалектикалык» десе жаңылбайбыз. Талмуд –бул жөн гана «мыйзамдардын жыйындысы» эмес, тескерисинче тезистердин чоң жыйнагы. Еврейлерди бир гана кубулушту ар кандай жол менен табууга үйрөтүшөт, эмне тема болсо да өз көз–карашын айтууга мүмкүндүк берет. Раввин аргументтер өз ойлорун айтууга жардам берет, 2000 жылдан бери еврейлерди дебаттарда талашууга багыт берип келатышат. Диалектика – бул еврейлер ойлоп тапкан нерсе эмес, бул грек философиясынын негизин түзөт, бирок еврейлер өздөрүнүн жолдоруна салып алышкан.

8. Муундан–муунга

4 кылымдагы Карфаген Кеңешинен кийин католиктер менен иудеялардын ортосунда айырмасы, католиктерде үй-бүлөлүк мамилелерге декрет боюнча тыюу салынат, ал эми еврей раввиндеринде никеге тургандар  бааланат. Орто кылымдарда католиктер арасында IQ көрсөткүчү аябай төмөндөп кеткен. Себеби католиктердин эң акылдуу адамдары семинариларда гана диний китептерди окушуп, генофондун түшүрүп алышкан.Ошол эле мезгилде башы иштеген еврей раввиндери акылдуу аялдарга гана  үйлөнүп, акылдуу үй-бүлөлөрдү курушкан.

9. Акыл–эстин көбөйүшү

Иудеянын тексттери негизги басымды билимге, акыл–эске салышат, башы иштебеген адамдарды эң негизги кемчилик катары карашат. Ушундан улам еврейлер өздөрүнүн генофондун тапкычтык менен жогорулатып турат. Еврейлердин арасында эң акылдуу адамдар өтө бааланат, эркектер акылдуу аялдарга басым жасашып, өздөрүнөн жакшы гендердин чыгышы үчүн кам көрүп келет. Никеге турушкан соң  окумуштуулар менен коммерсант еврейлер абстрактуу ой-жүгүрткөнгө жөндөмдүүлүгүн өстүрөт.

10. Тил үйрөнүү

Соодагер еврейлер өздөрүнүн товарларын сатып алуучуларды издешип, башында ислам дүйнөсүндө соода кылышса, кийин Бразилиядан резина, Кытайдан жибек сатып алышып, дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына кезип жүрүштү. Соодасы өсүш үчүн алар көптөгөн тилдерди үйрөнүшкөн. Ар кайсы элдердин өз тилинде сүйлөшүү жеңил болгон, ошондуктан алар немецче, полякча, латышча, литвалыктарча, венгерче, орусча, украиналыктарча, французча, англисче жана башка тилдерде эркин сүйлөй алышкан. Бүгүн неврологдордун билдиргенине караганда көп тилди билүү акыл–эстин өнүгүшүнө, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө, абстрактуу ой-жүгүртүүгө, креативдүү гипотезаларды түзүүгө салым кошот.

11. Еврейлердин гениалдуулугу

Еврейлердин гениалдуулугу Европадагы жөнөкөй кесиптерди расмий аткаруудан баш тарттырган, алар биздин заманга чейин 800-1700 жылдардан бери эле оорчулук жараткан жерлерде иштешпейт. Еврейлер соодада, бухгалтерияда, финансы, инвестицияларда  машакаты жок акчалуу жерлерде иштешет. Христианчылыктын «сүткорлукка» каршы болгону, еврейлердин банк, финансы тарапта көп иштешине мүмкүнчүлүк берген. Тарыхий документтерге караганда 1270-жылы Түштүк  Францияда еврейлердин 80 пайызы сүткорлук кылышкан. Качан аларды Батыш Европадан сүргөндө, алар Польшага келишип шаарларга инвестиция кылышып,соода иштерин жүргүзүшкөн. Алар математикалык жана логикалык ой-жүгүртүшкөндөрү үчүн башкаруу менеджменттерде көбүрөөк талап кылынат. Соодада жана бухгалтерияда мыкты иштегендер көп үй-бүлө күтүшүп, математикалык акыл-эси жагынан өнүгүшкөн.

12. Куугунтукталып дүйнөгө тарашкан

Эң акылдуу жана бай еврейлер Инквизициядан, куугунтукталгандан, талоондордон, Холокосттон жана башка геноциддерден качышкан: биринчиден, башка мамлекеттерге көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөр болгон, экинчиден, алар көчүп барышкан жердеги улуттар менен социалдык жана экономикалык байланыштарды түзүшүп, өз келечектерин чыңдоого мүмкүнчүлүк алышкан.Башкалар менен байланышы жок еврейлердин кедей катмары, аянычтуулук менен жок кылынган.

Дайыма кайталанып турган еврейлерди кыруу, талап-тоноо, сүргүнгө айдоо мезгил-мезгили менен болуп турган. Вавилон тууралуу айтылып кетти. Кайсы жерде куугунтук болсо да, жолдоруна акча каражаттарын тапкандар, бай туугандары барлар, жогорку кызматта достору барлар өз жандарын сактап калышкан. Жогорку IQ көрсөткүчү барлар экономикалык жактан өнүгүүгө алып келген.

13. Генетикалык оорулар

Еврей-ашкенази – еврейлер көбүрөөк курмандыкка чалына турган генетикалык оорулардын бири. Ушул оору чалдыккан кээ бирөөлөр акыл –эс жөндөмдүүлүгү жаатында алсыздыкка барышы ыктымал. Кээ бирөөлөр эки генди алышып, ушул оорунун аркасынан курмандыкка чалынып, же катуу ооруга чалдыгышы мүмкүн, бирок мураскорлор бирөөнөн гана ушул ооруну мурастап калышып, нейрондордун өсүшүнө жана мээдеги клеткалардын өсүшүнө түрткү берет.

14. Позитивдүү ойлонуу

Еврейлерден башка эч ким толук позитивде ой–жүгүртүп, өз потенциалын толугу менен ачып иштебейт. Позитивдүү ойлонуу чындыгында IQ жогорулатат. Мичиган (Michigan State University) университетинин  иликтөөлөрүнө караганда ой –жүгүртүүнүн ар кандай типтери интеллектин өсүшү үчүн абдан маанилүү.

15. Шах жана мат

Тарыхий жагынан алганда шахмат еврейлер ойногон оюн болгон. Кээ бир журналдардын айтымында «еврейлердин улуттук оюну» деп айтылып жүрөт. Гроссмейстерлердин дээрлик 50 пайызы – еврейлер. Ушул оюн талап кылган визуалдуу жана стратегиялуу ой жүгүртүүлөр адамдын баш мээсин өнүктүрөт. Биле жүрүш керек, мындай жетишкендиктер мураска калбайт, бирок оюн убагында  акыл-эс, стратегиялык пландаштыруу жана IQ өсөт.

16. Мелодия жана ой жүгүртүү

Еврейлер 3000 жылдан бери музыканы ардактап келишүүдө. Еврей музыкасынын институтунун иликтөөсүнө караганда клезмер «кооздугу жана татаалдыгы жагынан эң жогорку деңгээлге жеткен». Ашкеназинин композиторлору жана  музыканттары Батыштын классикалык музыкасына эбегейсиз зор салымдарды кошкон. Иликтөөчүлөрдүн айтымында музыка менен алпурушуу нерв клеткаларынын өнүгүшүнө жакшы жардам берет жана математикада, анализде, илимий-иликтөөлөрдө, мээнин функциясын жакшыртып, акыл - эске таасир этип, креативдүү ойлонууга, стрессти башкарууга таасирин тийгизет.

17. Үй-бүлөдө колдоо

Комфорт жана үй-бүлөдө колдоо келечектен чоң үмүт тутантат. Неврологиялык деңгээл боюнча ийгиликтер гана ийгиликтерди алып келет. Жеңиш гана кийинки боло турган жетишкендиктерге жол ачат. Еврей балдары адамзаттын өнүгүшү үчүн мындан да жакшы иштерди жасай турганын түшүнөт. Мындан да жакшы жыйынтыктарга жетиш үчүн катуу тартип керекпи? Еврейлер кол көтөрүүнү эч качан жактырган эмес, бекем үй-бүлөлүк карым-катыш, дайыма колдоп туруу, эмгек кылганда толук көңүл бөлүү жана мыкты билим берүү зарыл. Андан тышкары балдар билим алыш үчүн жетишерлик киреше керек. Элиталык жогорку окуу жайларынан окуш умтулуш керек. Иликтөөчүлөрдүн айтымына караганда америкалык еврейлер еврей эместерге салыштырмалуу эки эсе көп иштешет жана 2,5 эсе көбүрөөк кыймылдуу мүлктөрү бар. Жыйынтыгында орто америкалык еврей 2,5 эсе көбүрөөк билим алат. Ал эмес орто кылымдарда көптөгөн еврейлер балдарын окутуу үчүн экономикалык статустары жогору турган.

18. Улуттар аралык нике

Интеллекти жана ой-жүгүртүүсү төмөн турган еврейлер башка элдер менен никеге турушуп, ошол элдерге сиңип кетишкен. Жыйынтыгында мыктылары гана калышкан. Ушундай көз караштарды башка далилдер менен да айтсак болот, акылы жок еврейлер, өзүнүн менчик динин сактагысы келбегендер иудаизмди башка динге алмаштырышып кете беришкен.

19. Даанышман мугалим

Көптөгөн раввиндерде «эйнштейндин эмпатиясы» бар — абдан ак көңүл, чыдамкай, башка адамдарды сүйүп, түшүнгөн адамдар болгон. Жогорку деңгээлдеги мындай «эмпаттар» коомчулукта чоң таасир кылышып,туура идеяларды жылдырышып, общиналардын турмуш-шарттарын көтөрүүгө жакшы салымдарын кошкон.

20. Антисемитизмден корккондук

Еврейлер илимде, өз карьерасында, байлык топтоодо жогорку көрсөткүчтөргө жеткенге умтулушат,ошондуктан алар өздөрүн коопсуздукта сезип, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн антисемиттик көз караштарынан коргоодо тургусу келишет. Мындай көз караштар тарых барактарында еврейлер башынан өткөзгөн нечендеген куугунтуктардан улам чыкса керек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости