www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбаевдин кылмыш иши соттун кароосуна өттү. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди. «Декабрдын аягында экөөнүн иши сотко өттү. Журналист Сатыбалдиева менен оператор Аширбаев «кылмыштуу топтун мүчөлөрү» жана «опузалап акча талап кылуу» беренелери боюнча айыпталууда. 13-январда оператор Аширбаевдин баш коргоо чарасы сотто каралат», — деп билдирет Жоошев.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж катарытаратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган. Алар 3-ноябрда 2000 доллар алып жаткан тапта колго түшкөн деп атылган. Бул иш боюнча Mir24.kg порталынын директору Сатыбалдиева жана ушул эле медианын оператору Ашырбаев кармалган.
Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрда тергөөчүнүн “эч жакка кетпөө” тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Ал жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.
Булак: NazarNews.kg