www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Казиного кире тургандарга атайын удостоверение берилеби же киргизбөө үчүн кыргызстандыктардын пешенесине тамга бастырышабы?», - деди бүгүн, 23-июнда, NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков.

- Жусупжан агай, коомчулукта казинонун ачылыш, ачылбашы элдик талкууга коюлушу керек эле деген маселе жарала баштады. Депутаттар эле чеип койбой элдин да пикирин угушса туура болот беле?

- Эл арасында казинолордун ачылышына кайчы пикирлер басымдуу болгондуктан..., бул маселе сөзсүз түрдө элдик талкууга койулушу керек эле. Талкууга койбостон бийлик бул мыйзамды өткөрүүгө аракет жасаганына караганда, кумарканалардын артында күчтүү мафиоздор тургандай сезиле баштады. Ал тургай бул маселени колдотууга кайсыл чиновниктин аракети күчтүү болсо, ошол чиновник өтө үлкөн киреше табат окшойт деген ойлор жарала баштады.

- Бирок, бийлик, кумарканалар бюджетти толтурууга салым кошот деген ойду айтып жатышат го?

- Кумаркананын эсебинен бюджетти толтурабыз дегендик бул түздөн-түз «мафия-коррупция» мамлекеттик башкаруу системасында деп түшүнөмүн. Эң кызыгы, бул «бийликтин сүткорлугу» Кыргызстандын жарандарын аралаштырбай, мамлекеттин байлыгын «кумар» жолу менен айлантып мыйзамдаштырып жатышпайбы! (отмывание бюджетных средств в своих корыстных целях)

- Бирок, кумарканаларга кыргызстандын жарандары кирбейт деген кепилдик берип жатышат го?

- Кумарканаларга кыргызтандын жарандарын киргизбейбиз дегендик бул акылга сыйбаган нерсе. Ким, кантип кыргызстандыктардын казиного кирбешине тыюу салат жана уруксат берет? Казиного кире тургандарга мамлекет тарабынан атайын удостоверение берилеби же киргизбөө үчүн кыргызстандыктардын пешенесине тамга бастырышабы?

Эске салсак, Жогорку Кеңеш кечээ, 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости