www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жылдан бери бир эле адамдарды шайлап келе жатабыз. Мындай пикирин алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Бизде үнү жок ырчылар менен мээси жок саясатчылар популярдуу! Ошондойлорго күйөрман болгон, ошолордун таламын талашкан элге таарынам. Жеткен дараметибиз ошол да!

«Муну шайлаба! Көргө сүйрөйт!» деп, тилиң тешилип калгыча какшап атсаң, «Эл душманы!» кылган элге деле бооруң оорубайт! Бул дагы башталышы! Аңга түртүп, сазга батырып салса, көзүбүз ачылабы балким дейин десем, ачылбай деле калды го!

Бир сценарий беш жолу кайталанып атса, демек, ал сценарийди өчүрүп туруп, аңдап, ойгонуп, кайра жазышыбыз керек болчу.

Кыязы, эски адамдардын сценарийин оңдош кыйын окшобойбу?! Жаңы муун эле акылдуу чыгып, жаңыча сценарий жазбаса, 30 жылдан бери бир эле адамдарды шайлап келе жатабыз!

Сооп, чала болот бизге! Дагы көргүлүктү көргөзүп, чала бышкан мээбизди каңдашса экен бул бийлик! «Задний проходдон» чыгара - чыгара!», - деп жазган Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости