www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү багытында системалуу иштер жүргүзүлүп, тармакта туруктуу өсүү динамикасы байкалууда. Отчеттук мезгилде республикадагы кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш өнөр жайынын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын өндүргөн ишканалардын үлүшү 18,8 % түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын январь айында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 091,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлгөн. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түзүп, тармакта оң динамика байкалганын көрсөтүүдө.
Кайра иштетүү өнөр жайын мындан ары өнүктүрүү максатында министрлик тарабынан 2026-жылга карата план иштелип чыгып, анын алкагында 75 кайра иштетүүчү ишкананы жана соода-логистикалык борборлорду ачуу каралган.
Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди:
— Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы — жеке ишкер Амантуров Кубатбек ундан жарым фабрикаттарды өндүрүүчү цех ачты.
— Нарын облусу, Нарын району, Эмгек-Талаа айылы — жеке ишкер Мусабекова Айжамал айына 4 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачты.
— Ысык-Көл облусу, Тоң району — «Эрдик» ААК аралаш тоют өндүрүүчү ишкана ачты.
Мындан тышкары, Манас шаарында жаңы соода-логистикалык борбор каттоодон өттү:
— «Золотой Орех» ЖЧК — кубаттуулугу 500 тонна, мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган.
Министрлик тарабынан өлкөнүн аймактарында кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер 2026-жылга каралган планга ылайык улантылат.