www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оозу менен орок оргон менен колунан текей терген келбеген Максат Мамытканов деген бар. Октябрь революциясынан кийин бактысы ачылып, 10 миң доллар айлык алган кызматка, атап айтканда ЕАЭБге Кыргызстандын атынан министр болуп кетти. 

Ага дейре жаңы бийлик алапайын таппай жаткан кырдаалдан пайдаланып, вице-премьер-министр боло калды. Бирок, колунан кокон тыйын келген жок. 

"Чоң казат" партиясынан шайлоого катышкан кезде, өлкөнү гүлдөтүп, босогоңордон май агызабыз деп Сыймык Жапыкеев экөөнүн оозунан ак көбүк агып, төбөсүнөн көк буу чыкты эле. 

Андан бери өлкөнүн, элдин тагдырына байланышкан Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында орун алган трагедиялуу окуя, Кемпир-Абад маселеси, ак жеринен куугунтукка кабылып камалгандар сыяктуу эмне деген көрүнүштөр орун алды. Баягы, гүлдөтүп жиберчү Мамытканов үн чыгарганга жарабады.

Бул Мамыткановдун кубулуп, өзгөрүп турган кылыгын көргөн хамелеон өзүн ыңгайсыз сезет. Бийлик алмашкан сайын жыландай терисин алмаштырып, кескелдириктей куйругун шарт кесип жиберген жагынан алдына ат салдырбайт го чиркин. 

Элибиз, ушундай кумдай болуп салаадан куюлуп түшкөн, колго токтобой алкынды самындай жылмышкан популисттерден арылыш керек. Булар элдин эсебинен жашап, элдин ишенимин, үмүтүн тебелеп, өз жыргалчылыгын ойлоп күн көрүшөт. Элдин кыйналганы бир тыйын. Ага башын оорутпайт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости