www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими келип түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Салянованы депутаттык мандатынан ажыратыш үчүн БШК жыйын өткөрөт, учурда чечимдин негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүүлөр жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы менен депутатты мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынат.
Бишкек шаардык соту 7-февралда Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.
"Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Аида Салянованын ордуна тизме боюнча келе турган Гульнара-Клара Самат-Кабилова, Бакиевдин учурунда БШКнын төрайымы болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости