www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан сотторундагы коррупция мамлекеттеги эң талылуу жана калкты зар какшаткан көрүнүштөрдөн болуп келатат.
Соттордун кадимки коррупциядан да саясий коррупциянын куралына айлануусу көйгөйдү ого бетер оорлотууда. Анткени саясий коррупциянын буйругу менен чыгарылган соттук чечимдер коомдо карама-каршылыктарды, адилетсиздикти күчөтүп, мамлекетке ишенимди кетирүүдө. Булардын баары ири саясатчыларды түрдүү жалаалар менен соттоп, абакка салуулар, андан кийин коомчулукта пайда болгон чыңалуу, катуу нааразылыктар менен тастыкталып турат.
Саясий коррупция оппозициялык саясатчыларды камоону, бийлик узурпациясын, экономикалык коррупция сыяктуу карасанатай иштерин соттор аркылуу легитимдештирип, соттун чечими деп жүзүнө кармап турат.
Саясий коррупция дегенде-биз мамлекеттик органдарды, анын ичинде сотторду бир адамдын жана анын жан-жөкөрлөрүнүн кыңыр кызыкчылыктарына пайдаланууну түшүнөбүз.
Ошондуктан Кыргызстан алдында биринчи кезекте мына ушул абалдан чыгуу маселеси турат. Андан кантип чыгууга болот? Эл аралык тажрыйбаны жана өзүбүздүн башыбыздан өтүп жаткандарды эске алганда, бул абалдан чыгуунун бирден-бир жолу соттордун абсолюттук көз карандысыздыгына жетишүү, аларды Акүйдөн телефон менен башкарылуусун токтотуу, башкача айтканда, саясий коррупциянын колунан чыгаруу болуп турат.
Бул нерсе аткарылмайын сот реформасы деп канча алпурушпагын, канча тегерек столдорду өткөрбөгүн натыйжа чыкпайт. Анткени азыркы шарт, мыйзамдар, конституция соттордун бийлик камчысы бойдон калышын гана кепилдейт.
Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук Кеңештин жыйынында соттор ишине абдан терс баасын берди. Мындай жаман боло берсеңер мен четте тура албаймын, кийлигишем деди. Анын айтканын сөзмө-сөз келтиргенде мындай деген эле:
“Соттор ишине кийлигишейин деген ниетим жок. Бирок эң оор кылмыш жасагандарды абактан бошоткон кашайткан фактылар бар. Мындай учурларда мен байкоочу болуп кала албаймын. Эгерде тартип коргоо органдарынын кызматкери болобу же судья болобу мыйзам бузган болсо, анда эч ким жазасыз калбайт. Аларга эң катуу чаралар колдонулат. Эгерде адилетсиздик болуп жатса, же мыйзам бузулуп жатса, мен ага көңүлкош карап турууга акым жок”.
Сооронбай Жээнбековдун сотторго карай бул мамилеси, көз карашы-анын сот иштерине кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнөн кабар берет. Бул Атамбаев мезгилиндегидей эле саясий оппоненттерди соттун колу менен жазалоо, саясий аренадан четтетүүгө жол ачык турат дегенди туюнтат. Бул ката жол. Анткени ал соттордун дагы эле президенттин, анын аппаратынын колунда калуусун кепилдейт.
Сот системасына карата принципиалдуу башка көз карашты оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров 6-февралда өткөргөн маалымат жыйынында ачыктады. Ал соттордун аткаруу бийлигинен абсолюттук көз карандысыздыгын камсыздоо керектигин айтып, бул үчүн Конституциянын 95 беренесиндеги жоболорго көңүл бурду. Бул беренеде сотторду ооздуктоонун айла-амалдары жазылган.
Маселен, 95 беренеде соттордун “кынтыксыз жүрүш-турушу” деген жобо бар. Бардык соттор жүрүш-турушу кынтыксыз болгон учурда кызматын сактай алат. Андай болбой калганда жоопко тартылат деп коюлган.
Соттордун кынтыксыз жүрүш-турушун болсо Соттор кеңешинин Дисциплинардык комиссиясы көзөмөлдөйт. Дисциплинардык комиссия негизинен президент тараптан түзүлөт. Демек, сотторду көзөмөлдөөдө Дисциплинардык комиссия бийликтин эң мыкты куралы болуп турат. Маселенин баары ушунда, дейт Адахан Мадумаров.
Оппозициялык саясатчы райондук, экинчи инстанциядагы судьялар президент тарабынан башка райондорго каалагандай которуларын, бул дагы судьяларды каалагандай калчоо, аларды башкаруунунмкуралы экенин атайт. Буга жол бербеш үчүн чет өлкөлүк тажрыйбаны Адахан Мадумаров дагы эске салат. Ал соттордун чыныгы көз карандысыздыгы камсыздалган өлкөрдө райондук соттун судьяларын алардын макулдугу менен гана башка райондорго которууга мүмкүн экенин белгиледи.
Кошмо Штаттарда Жогорку Соттун судьялары өмүр боюга дайындалат. Алардын ишине эч ким кийлигише албайт. Дисциплинардык комиссия деген нерсе такыр жок. Судьяларды “эсине” келтире турган бир гана жагдай калтырышкан-ал импичмент.
Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып, сотторду чыныгы көз карандысыздыкка жеткирмейин, президенттин таасиринен чыгармайын алар саясий коррупциянын куралы бойдон кала берет…
Сөз соңунда: Кыргызстан активисттери, саясатчылары, ал эмес бийлик башчылары “коррупциялашкан соттор” жөнүндө гана сөз кылып, дискуссияны, калктын нааразылыгын “коррупциялашкан сотторго” буруп жиберүүдө. Бул дагы бар нерсе. Эң көйгөйлүү маселе. Бирок эң башкы маселе соттордун саясий коррупциянын куралына айлануусунда болуп жатат. Муну бийлик атайын четке түртсө, жарандык коом байкабай калууда…
Булак: "elnews"