www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист: Саламатсыздарбы? Эфирде "ТЕТ А ТЕТ" көрсөтүүсү. Бүгүнкү биздин коногубуз коомдук ишмер, Кыргызстандын воллейбол боюнча федерацияннын президенти, генерал Сатыбалдыев Эльмурза Ракыевич.
Саламатсызбы? Бүгүнкү жолугушууга даярданып жатып, сиз туралуу маалыматтарды карасам сиз аябай аз интервью берет экенсиз. Мунун себеби эмне, журналисттерге ишенбейсизби?
Эльмурза Сатыбалдиев: Саламатчылык. Түз суроого түз жооп берип коёюн. Журналисттерге ишенем, журналисттерди сыйлайм аябай. Балким журналисттер мага ишенбейт. Аз интервью берди деген себеби өзүң билесин да эми, интервью бере турган бербей турган жерден келгенмин. Менин өзүмдүн турмуш өмүрүмөн 7жыл интервьюдан сырткары калып калбадыбы. Ошол эле болсо керек себеби.
Журналист: Экс ген прокрор бүгүнкү күндө эмне кылып жатасыз?
Эльмурза Сатыбалдиев: Бүгүнкү күнү кадимкидей эле тиричилик, мен тиги жумуштардан бошогонума 1-2 ай болуп калды. Бирок өзүмдүн коомдук жакшы көргөн жумушум бар. Көбүнчө азыр волейбол федерациясынын жумуштары менен алекпиз.
Журналист: Эльмурза мырза бүгүнкү күндө карапайым элден баштап президентке чейин сотко, укук органдарга, прокуратураларга ишенич аз деп айтып келет? Буга сиздин кандай оюңуз, ким күнөөлүү, эмне кылыш керек.
Эльмурза Сатыбалдиев: Суроо жакшы экен. Бул эми бүгүнкү күндөгү эле көрүнүш эмес. Мамлекетибиз эгемен алгандан бери барып-барып күч алып келе жаткан көрүнүш. Мен мунун себебин бир гана айтам. Баягы кылмыш саясатынын туура эмес жүргузгөндүктөн. Биринчи эле мына озүңүз сотту деп айтып калдыңыз, прокротура укук органдарына нааразычылык көп. Эки тарап болгондо ар дайым нааразычылык көп болот. Бир тарап ыраазы болот, экинчи тарап нааразы болот. Бирок ал эки тарапка эле шылтай бербей бүгүнкү күндө чынында мен да юрист катары айтып койоюн сот тармагында, укук коргоо тармагында кадрды тандоо,аны даярдоо тураа эмес жакта кетип калды. Мына биз 25жылдан бери соттук реферманы кылабыз, кылабыз деп эле соттук реформа эмне экенин билбей эле кадрдык реформага өтүп алдык. Кадрдык реформаны да түшүнбөй кадр алмашууга өтүп алдык. Туура, азыр баардыгы эле айттат укук коргоо органдарында, сот тармагында жаштар иштеш керек деп. Мен буга толук каршымын, себеби жаш кадрды алып барып чоң завод фабриканын, же болбосо бюджет тузүлө турган министрликтер бар ошол жакка алып барып койсо болот. Мисалы мен бир гана сот тармагын айтайын “Кантип аркасында тажрыйбасы жок, өмүрлук жашоо тажрыйбасы, кесиптик тажрыйбасы жок” жигит же айымды бул жаш экен деп ананбир нече адамдардын тагдырын чечиш керек деп аны дайындап койгон болбойт. Бул туура эмес. Соттогон деген оңой эмес. Баягы 5жыл, 3жыл юрфакты бүтүп алып анан бир жерде иштей койуп сот болгонго даярмын деген балдар мага капа болбосун. Кечирип койгула, сот, судья болуш үчүн, адамдын тагдырын чечиш үчүн өзүңдүн турмуштук тажрыйбаң керек. Өзүңдүн кесиптик тажрыйбан керек. Мен мисал үчун сот реформасына бир аз ичим жылыбай, ичим чыкпай турат. Азыр сыртты карасаңар баягы биздин агай эжекелер бизге устат болуп жүргөн билимдүү, кесипкөй судья эжекелерибиз сыртта калды. Алардын ордун жаштар басып отурат. Мен эч качан бул созүм менен жаштарга каршы эмесмин. Жаштар иштеш керек, бирок адамдын тагдыры, эрки менен боштондугу менен байланышкан жумуштарда сөзсүз тажрыйба алуу, биринчиден айтайын жөнөкөй кесипкөй тажрыйба эмес, турмуштук тажрыйбасы бар инсандар иштеш керек. Мен ошол бирден бир арабыздан чыгып жатат деп ойлойм. Эми аны менден да кыйын кесипкөй, өзүн жакшы сезгендер башка нерсени айтаар, бирок мен азыркы айтаарым биз кадр саясаттан туура эмес кетип калдык. Жеке сот тармагын айттам.
Журналист: 2010-2015-2017-жылдардагы өткөн шайлоо мезгилинде сиздин ишиңиз сотто болду. Бул коомчулукта сизди шайлоого катышпагыңызды же кайсы бир талапкерге колдонбосун деп атайын карманып турган деген сөз бар. Ушул чынбы?
Эльмурза Сатыбалдиев: Балким эми. Ар ким өзүнчө ойлонот го. Бирок мен чындыгында бул шайлоолорго катыша албай калдым. Катышканы каалом болгон. 2010-жылы өзүңүздөргө белгилүү болгондой каргашалуу окуя болгондон кийин мен ошол бийликте жүрсөм ошол бийликти кетирди болуп жатса анан өзүм саясатка катышып алганым туура эмес деп аны өзум жеке таптым. Мен 2010-жылы башка досторго, саясаттагы досторго окшоп катталып депутат болуп отуруп алсам деле болмок. Мага ал мезгилде мыйзам жол берет эле. Менин табийгатымда андай деген түшүнүк болбойт. Себеп дегенде мен ойлойм сен иштеген бийлик кандайдыр бир себеп менен айдалып кеттиби же нааразычылыгынын артынан кеттиби, ревалюция болуп кетириштиби? Сен иштеген бийликке ишенбөө көрсөтүү болду. Болгондон кийин мен ойлойм 5жыл мен мына саясий циклдан чыгып турушум керек. Мен ошондуктан өзүм барып, өзүм суранып мен да сотко барайын мени дагы соттогула балким чындыгында менин кылган күнөөм бардыр. Бул кийин тарых кечирбей калат. Эгер ушул жолду басып өтпөгөнүмдө тарыхта менин балам да чоңоюп келе жатат эң кичинекей эле баламды айтайын, балдар чоңоюп акыл эсине келгенде сурайт. 2010-жылы сиз ошол жерде элеңиз эмне болду эле, сиз сотко дагы, тергөөгө да барбаптырсыз дегенде мына мен айтам бардым соттун чечими бар деп айтам. Эми туура соттодубу, туура эмес соттодубу ал башка маселе. Ошондуктан мен ойлобойм мени депутаттыка барбай калсын, же болбосо досторум, өзүмдүн тарапташтарым колдоп чыкпасын деген жаатта болбосо кк эми балким оздөрү каалабай ошол нерсе болуп калды. Бирок мына бүгүн мен толук кандуу 23-октябрда кутулуп сен менен иньервью алып отурам. Балким бул нерсе болбогонде сен да интервью алмак эмессиң.
Журналист: Жашыруун болбосо президенттик шайлоодо кайсы талапкерди шайладыңыз?
Эльмурза Сатыбалдиев: Эми муну эмне жашырып мен мисал үчүн өзүмүн кичи мекеним Өзгөн району. Анын ичинде Салам-Алик деген ажайып кооз айыл бар. Ал дагы айыл өкмөттү түзөт. Ошол айыл өкмөттө, райондо менин туугандарым жашайт. Мен бул шайлоодо туугандарым менен акылдашып, туугандарым кимди колдосо алдыңарда туруп баатыр болуп ошол адамды колдоп берем деп, биздин бүгүнкү президентибиз Сооронбай Жээнбековду шайлап чыгышты. Мен стабилдүүлүктү тандадым. Биздин мамлекетибиз, жалпы эл журтубуз стабилдүүлүк менен өнүп өссүн деген жаатта алдыда кетип жаткан кесипкөй президентти тандап алдык.
Журналист: Коомчулукту кызыктырган дагы бир суроо бар. Сот ишмңиз бүтту саясатка аралашасызбы?
Эльмурза Сатыбалдиев: Момундай да саясатка аралашпайм десем туура эмес болуп калат. Эмнеге дегенде мени жаштайымдан мамлекет мамлекетчи кылып тарбиялаган. Мен мамлекетке бүгункү күнгө чейин карызмын. Андан кийин мамлекетте бир нерсе жасаш үчүн сөзсүз саясатка аралашыш керек. Ошондуктан мен саясатка аралашып калышым мүмкүн. Азыр сот иштерим аяктап, өзүм боштондукка чыккандан бери дагы бир юридикалык процедуралар бар. Ошол нерседен ийгиликтүү өтүп кетсем, тагырак айтып койсом сөзсуз катышам.
Журналист: Ишиңиз жүрүшүп турганда дос болом дегендер көп болсо керек эле. А башыңызга оор күндөр түшкөндө жоро-жолдошторуңуз азайдыбы?
Эльмурза Сатыбалдиев: Мага ушул суроону абактан чыкканда туугандарыма чай берип жатканда ушул суроону беришти эле. Эмур мурда аркаңда шагырап жүргөн досторуң көп эле эми кемейдиби дегенде мен туруп рахмат агай ушул сурооңузга башта миң досум болсо азыр 1600 досум калды деп айткам да. Себеп дегенде достордун өзүбүздүн арабызда достугубуз сакталып калды. Абакта олтурганда 600 кантингент деп коёт, ошолорду кошуп мен тууганыма 1600дегем. Менин досторум азайган жок. Баары менен баштагыдай эле мамиледебиз, ошол боюнча эле сакталып калганбыз.
Журналист: Дос деген сиз үчүн эмне?
Эльмурза Сатыбалдиев: дос деген сөз мен үчүн ыйык сөз. Азыркы күндө өзүңөр көрүп жатасыңар ыйман жолундагы сөздөрдү дагы дос деген сөз да кадимкидей жаргон болуп калды. Сөз байлантырыш үчүн деле дос деп коё беришет. Мен ошондуктан дос дегенди аябай жакшы түшүнөм. Муну мен түшүндүрүп бере албайм. Анткени аны досторума кылган мамилем гана далилдейт. Достон эч нерсени үмүттөнбөш керек, жакшылыгыңда жамандыгыңда да чогуу жүрүшүң керек. Достошушту гана билсен досуң көп болот. Доско так аныктама бере албайсың. Аны жүрөгүң менен гана сезесиң.
Журналист: Элмырза мырза бийликтин чокусунда да,бийликтин кордугунда да жоготууну башыңыздан өткөздүңүз. Өзүңүз үчүн кандай жыйынтык чыгардыңыз?
Эльмурза Сатыбалдиев: Бийликте жүргөндө мындай элем, бийликтен кеткенден кийин момундай иштер моюнга түшүп калды, башкача болуп калды деп өзүм жөнүмдө айта албайм. Бирок аябай турмуштук тажрыйбаны алдым. Бул 7жылдык аралык ошол убакта мага жетишпегендей болуп тургандай болгон экен. Ошондуктан тиякта жургөн күндөрүмү, азыркы күндөрүмү мен сыймыктанып айта алам. Себеби ал күндөр мен үчүн чын жана таза күндөр. Анткени баштагы баш прокрор болгон күндөрүмдү мен сыймыктанып айта албайм. Мына 7жылда өткөн күндөрүмө сыймыктанам. Ошол кандуу кагылышууга кимдир бирөө жооп бериши керек эле. Мен жоопко тартылганыма өкүнбөйм. Ошол кооптуу абалга бир аз болсо да салым коштум.
Журналист: Азыркы бийликке келгендер өч алууну модага айландырышып алышты да. Сиз дагы бирөөгө кек сактап өч алгыңыз келеби?
Эльмурза Сатыбалдиев: Азыр бийликтин гана эмес коомчулуктун туура эмес жакка кеткени өч алуу, көралбастык. Бизде айрыкча аекыркы жылдары көбөйүп кетти. Бул туура эмес. Эртең сен бирөөдөн өч алсаң бүрсүгунү ал сенден өч алат. Мындай болбошу керек. Келечекте сени көрүп балдарың да ошондой болуп өсүшөт. Мынтип жашабаш керек, туура эмес. Баарын коё бериш керек. Мен мына бирөөдөн өч алып эч качан жашабайм. Тиги жакта отурганда да айткам. Эч ким келбесин бул жакка. Мени мыйзамсыз апкелгендер да келбесин дегенмин. Ошондуктан айтаар элем өч алуу менин жашоомдо эле эмес, коомчулукта да токтосо экен дейм. Ошондо гана балким мамлекет бир азга алга жылат.
Журналист: Сиз өзү жашоодо реалистсизби же оптимистсизби?
Эльмурза Сатыбалдиев: Мен реалистмин. Мектепте окуп жургөндө эле реалист эмне экенин билбесем да реалистмин дейт элем. Бүгүнкү күндө бул созду философиялык жактан да түшөбүз. Оптимистмин дагы реалистмин дагы. Анткени оптимисттикти алдыга сүрөгөн бул реалист. Ошондуктан мен реалистмин.
Журналист: Интернет айдыңында Элдана фурайс деген блогер абдан популярдуу. Ал сиздин кызыңыз экенин көптөр биле бербесе керек. Кызыңыз Элдана тууралуу айтып берсеңиз. Кызыңыздын популярдуу болгонун качан билдиңиз?
Эльмурза Сатыбалдиев: Мен аябай кызым менен сыймыктанам. Элдананын популярдуу болгонун мен абактан чыккандан кийин билдим. Биз үй-бүлөдө кызым экөөбүз демократия жактан мамиле кылабыз. Мен эч качан кызымдын бөлмөсүнө кирбейм, кызымды турмуштук жактан сурап коюшум мүмкүн,”кызым кандайсың, окууларың жакшыбы? Эмне кылып жатасың?” деп. Эмнеге дегенде мен балдарыма толук кандуу ишенем. Ушул кызыбыз ушундай өзгөчө чыгып калды. Мен да мындай убактан пайдаланып кызым менен мактанып алайын. Баягы эле Эльмурза болуп жүрө бербей.
Журналист: Эльдана менен тез-тез байланышып турасызбы? Жумасына канча жолу сүйлөшөсүз? Ким чалат биринчи? Сизби же кызыңызбы?
Эльмурза Сатыбалдиев: мен аябай кем байланышам. Азыр кийинекей кызым да сыртта. Өзүм ыктыярым менен байланыша бербейм , аларга тоскоол боло бербейин дейм. Балким бул жагынан тура эмес атадырмын. Бирок өзүмө ушундай жол коюп алганмын. Көп эле сүйлөшүп, майда-чүйдөсүнө чейин кийлигише бербейм. Жумасына дебейм, бирок эки жумада бир сүйлөшөм. Мени көргөндөр жаман ата экен деп ойлоп калбасын. Мен алар тууралуу башка балдарымдан күн сайын сурап билип турам.
Журналист: Ушул көрсөтүүнү Эльданага бересизби инстаграм баракчасына жүктөгөнү.
Эльмурза Сатыбалдиев: Эгер техникалык мүмкүнчүлүк болсо берем, эмнеге болбосун. Мен бергиче эле өзү таап алса киргизсе керек. Мен анын тарткандарын деле көрө элекмин.
Журналист: Эльмурза мырза Дача-Су айылында болгон окуяга бир жыл болду. Эң өкүнүчтүүсү ошол самолёттогу жүктүн ээси айтылбай, табылбай жатат. Бул эмне себептен, кандай деп ойлойсуз?
Эльмурза Сатыбалдиев: Эмне үчүн андай болгонун ачып бериш үчүн, отуруп изилдеп чыгыш керек. Азыр көп нерсе айтылып эле калып кетип жатат. Тиги жак менен келишим түзүлгөн эле болбой калды. Ага ким күнөөлү, жүктүн ээси ким ал деле айтылбай калды. Мен мындай болгон деп баа бере албайм. Себеби ал үчүн мен баардык материалдарды окуп чыгышым керек. Эгер баа берсем профецианалдуу болуп калышы мүмкүн. Бирок көрүнүш туура эмес. Жүк кимдики экенин да, эмнеге айтпай жатышканын да билбейм.
“Нур” ТВ маек.
Булак: NazarNews.kg